«Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынан ишалпаруусу жөнүндө»

Сот системасын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңеш 2 жылдан ашык убакытта соттордун артынан жана жалпы эле сот реформасын үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп келе жатат. Бул убакыттын ичинде сот отурумдарына да байкоочуларды жиберип, жарандык көзөмөлдү жүргүзүп жатышат.
Жогорку Соттун Конституциялык Палатасы 2013 жылы иштеп баштагандан кийин, бул органга элдин конституциялык сот өндүрүшүнө ишенимин жогорулатууга жоопкерчилик берилген. Анткени, буга чейин 2010-чу жылга чейин болгон Конституциялык Сот мыйзамдуулукту четке кагып өзүнүн чечимдери менен мурунку президенттерге бийликти толугу менен басып алуусуна көмөктөшкөн. Ошондо болгон ахвал, коомдогу туруксуздуктарга, революцияларга алып келген.

Андай абал кайта жаралбашы үчүн Жарандык кеңеш азыркы учурда Конституциялык Палатада болуп жаткан отурумдарына катышып, акыйкаттуу жана мыйзам чегиндесот өндүрүшү өтүүсүнө көзөмөл жүргүзүп жатат.
Сот отурумдарына көз карандысыз байкоо жүргүзүп баштаганда сот имаратына ишке катышпаган жарандардын кириши оор болгону аныкталган. Ал көйгөй текшерип өткөрүү жайында так жана түшүнүктү процедуралар жоктугунан чыккан. Андан тышкары Конституциялык Палатанын кызматкерлери мыйзамдарда каралбаса да ишке катышпаган жарандардын да паспортуп көчүрүп алууну башташкан. Жарымынан көп учурларда (60%) сот отурумдары убагында башталбайт. Бул көйгөй тараптардын кечигип келгенди себеп болот. Аягы 17 январда болгон отурумга Жогорку Кеңештин өкүлү келбей калган үчүн сот ишин кийинки убакытка жылдырылды.
Дагы бир көйгөй бул, Конституциялык Палата өзүнүн ички Регламенти менен сот залында отургандарга, анын ичинде ММКдын өкүлдөрүнө да уруксатсыз аудио жазууга тыюу салган. Ошол убакытта эле күчү жогору турган “Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык Палатасы жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамында мындай милдеттүүлүк бекитилген эмес.
Конституциялык палатага жиберилген кайрылууларды изилдеп келгенде жарандардын жана юридикалык жактардын 53% кайрылуулары (өтүнүчтөрү) өндүрүшкө кабыл алынбай мыйзамдуу кайра жиберилген. Бул көйгөйдүн негизги себеби жарандарда Конституциялык Палатасына кандай суроолор караштуу экендигин жана кайрылуунун тартибижөнүндө маалыматы жоктугунан чыгып келет. Кайрылуулардын бештен бири Жогорку соттун токтомдорун Конституцияга ылайык эмес деп табуу жөнүндө болду. Бирок Конституциялык Палатасы башка соттун чечимдерин Конституцияга ылайык же ылайык эместигин чечкенге укуктуу эмес. Жогорудагы айтып кеткен жарандардын ушундай түшүнүгү да Конституциялык Палатасы жөнүндө маалыматы жоктукунун белгиси. Ошого карата азыркы учурда Жарандык кенештин мүчөлөрү жер жерлерде Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө жарандарды окутууну жүргүзүп. Бирок Конституциялык Палата өзү эл агартуу иш чараларын көрбөсө азыркы көйгөйлөр кала берет.

Добавить комментарий

вход