Адегенде коргоочуну коргоп ал…

28 — декабрда Жогорку Кеңеш депутаттарынын алдында чыгып сүйлөгөн Акыйкатчы (Омбудсман) Кубат Оторбаев Кыргызстан милициясынын социалдык жааттагы кейиштүү абалын баяндап берди

Өлкөнүн Акыйкатчысы парламентке көрсөтүп тааныштырган документ «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык-укуктук корголушунун абалы жөнүндө атайын баяндама» деп аталат.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев билдиргендей, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык-укуктук жактан корголушу жаатындагы көйгөйлөр көп жылдардан бери чечилбей келе жатат:

— Өзгөчө милиция кызматкерлеринин эмгек акысынын аздыгын, мамлекеттик социалдык кепилдиктеринин аткарылбаганын, паёк өлчөмүнүн төмөндүгүн, пенсия өлчөмүнүн бир түрдүүлүгүн камсыздоо чараларынын көрүлбөгөнүн өзүнчө бөлүп көрсөтсө болот, — деп баса белгиледи Омбудсман.

Кубат Оторбаев баяндагандай, ички иштер органдарынын ишмердигинин үстүнөн жүргүзүлгөн байкоо натыйжалары боюнча, 1324 кызматкерге анкета таркатылган. Сурамжылоо жыйынтыгында, башка күч органдарына салыштырмалуу, дал милиция кызматкерлеринин күнүмдүк паегу 34 сомду, эӊ чоӊ маянасы 14 миӊ сомду гана түзө турганы белгилүү болгон. Прокуратура органдарында, атайын кызматта, сот тутумунда иштеген адамдарга салыштырмалуу милиция кызматкерлеринин пенсиясы кыйла аз. Милиция кызматкерлеринин өз алдынча кесиптик кошуну да жок.

Акыйкатчынын аталган баяндамасы депутаттардын көңүл чордонун өзүнө буруп, абдан кунт коюп угулду.

Парламент мүчөлөрүнүн өзгөчө кызыгуусу менен сын пикирлерин ички иштер органдарынын кызматкерлерине батирлерди бөлүштүрүү маселеси пайда кылды:

— Укук коргоо кызматкерлеринен батирлерди адилетсиз бөлүштүрүү жөнүндө кандайдыр бир арыздар-даттанууларды күтпөгүлө, алар сизге келип түшпөйт, — деп билдирди Акыйкатчы Кубат Оторбаевге кайрылган «Ата Мекен» партиясынын фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов.

Депутат баса белгилегендей, Ички иштер министрлигинде милиция кызматкерин ал көп эле даттанган учурларда кызматтан кетирүүгө негиз болгон атайын документ бар. Ал эми милиция кызматкерлерин коргоп, азыркы адилетсиз башаламандыктан сактап калуу үчүн алардын атайын кесиптик кошунун түзүп, анын катарына күч түзүмдөрүнүн ардагерлерин киргизүү кажет.

Парламент мүчөлөрүнүн алдында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да чыгып сүйлөдү:

— 2010-жылдан бери Кыргызстанда 82 милиция кызматкерлери өз кызматтык парзын аткаруу учурунда курман болушкан, укук коргоо органдарынын дагы 1 миң 591 кызматкерлери жарадар болгон. Кызматта өмүрүн берген милиционерлердин 963 балдары мамлекеттен жардам алып жатышат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 20 эмгек акы өлчөмүндө компенсация төлөнөт, — деди ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

Жыйынга, башкалардан тышкары, күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, Ички иштер министрлигинин жетекчилери катышты.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход