КТРК Байкоочу кеңеши жаңыланат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамы жакынкы айларда жаңыланат. Ушуга байланыштуу, Байкоочу кеңештин курамына сунушталган талапкерлердин тийиштүү документтери 2017-жылдын 3-мартына чейин кабыл алынат

КТРК Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн бири, белгилүү тарыхчы жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин түшүндүрмө берип, аталган кеңештин курамынын олуттуу бөлүгүн Жогорку Кеңеш түзө турган соң, талапкерлер өз документтерин дал ушул мыйзам чыгаруу органына жиберерин айтты.

ЖК Басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына өзүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө кызыкдар жарандык коомдор 2017-жылдын 3-мартына чейин тиешелүү талапкерлердин документтерин  парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жөнөтүшү керек.

Ал эми келип түшкөн сунуштар ушул 2017-жылдын 3-апрелине чейин тармактык комитетте каралып, парламенттин кароосуна сунушталат. Бул тууралуу маселе аталган тармактык комитеттин жыйынында каралып бүттү.

Коюлган талаптарда көрсөтүлгөндөй, “КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесине ылайык, кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билимдүү, массалык маалымат каражаттарында, бейөкмөт уюмдарында, чыгармачыл союздарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу кажет.

“КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” Мыйзамдын 12-13-беренелерине ылайык, КТРКнын Байкоочу кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлер тууралуу уюмдун сунуштамасы менен бирге чогулуштун протоколу тиркелиши керек.

Адатта КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда Жогорку Кеңеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

Байкоочу кеңеш 5 жылга шайланып, 15 мүчөдөн турган коллегиалдуу орган болуп саналат. Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтүп, рейтиң добуш берүү ыкмасында алардын ичинен 5 талапкерди бекитет.

Төмөндөгү тизмеден көрүнүп тургандай, азыркы учурда КТРКнын Байкоочу кеңешинин амалда 14 мүчөсү бар. Мындай кырдаал алардын кээ бири тигил же бул кызматка которулуп-көтөрүлүп кеткендигине ж.б.у.с. жагдайларга байланыштуу.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин азыркы учурдагы курамы:

  1. Жылдыз Бакашова, КТРК Байкоочу кеңешинин төрайымы, филология илимдеринин доктору, профессор. 2010-жылы дайындалган биринчи Байкоочу кеңештин да мүчөсү. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган;
  2. Анатай Өмүрканов, акын жана жазуучу. Байкоочулар кеңешине Президент тарабынан сунушталган;
  3. Игорь Шестаков, медиа-окутуучу, саясат таануучу. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган;
  4. Тамара Жаманбаева, Кыргызтелекөрсөтүүсүнүн тарыхындагы алгачкы алып баруучуларынын бири. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетине диктор-стажёрлуктан баштап, вице-президенттик кызматтарга чейин иштеген. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган;
  5. Абды Сатаров, журналист. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде журналистика боюнча сабак берүү менен бирге Коммуникация факультетинде декандын орун басарынын кызматын аткарат. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган;
  6. Сабырбек Мукамбетов, саясий серепчи. Экономист адистигине ээ. «Азия ньюс» гезитинин башкы редактору. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган;
  7. Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз тарых коомунун президенти. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган;
  8. Вячеслав Гончаров, «Доор медиа» коомдук фондунун директору, медиа-адис, окутуучу. Байкоочулар кеңешине жарандык коом тарабынан сунушталган;
  9. Ирина Абдырахманова, журналист. “PRconsult” коомдук бирикмесинде координатор. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган;
  10. Жеңишгүл Өзүбекова, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер, «Кыргыз жаштар» сыйлыгынын лауреаты жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси. «Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү колдоо Борбордук Азия ассоциациясынын ресурстук борборунун» арт-менежери. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган;
  11. Алхожоев Тимур, юрист. КР Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын аспиранты. Байкоочулар кеңешине жарандык коом тарабынан сунушталган;
  12. Досалиева Бүбүкан Акматжановна, журналист, саясий илимдеринин кандидаты. TOPNEWS.KG маалымат-аналитикалык порталынын башкы редактору. Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери. Байкоочулар кеңешине жарандык коом тарабынан сунушталган;
  13. Назаркул Ишекеев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган;
  14. Халилов Абдыганы, журналист. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин доценти.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход