Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу

Кечээ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын «Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын талкуулоо үчүн коомдук угуу уюштурду

Аталган комитеттин төрайымы Асел Кодуранованын айтымында мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга, көрсөтүлгөн мыйзамдын ченемдерин өркүндөтүүгө жана аларды ар кандай мамлекеттерде адамдын укуктарын коргоону жүзөгө ашырган улуттук мекемелерге тиешелүү эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, мыйзамдын колдонуудагы редакциясы Акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерлерге так талаптарды камтыбайт, атап айтканда, мыйзамда билим цензине талаптар жок. Бул критерийлер Акыйкатчынын ишинин натыйжалыгына жана сапатына таасир этиши мүмкүн. Ошол себептен мыйзамдын жаңы редакциясында Акыйкатчынын, анын орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлерге так талаптар киргизилет.

Мыйзам долбоорунун 6-беренесиндеги биринчи бөлүмүнө тууралуу “жогорку билими жана адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар 65 жаштан улуу эмес, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз Республикасынын жараны Акыйкатчы, Акыйкатчынын орун басарлары болуп шайлана алат”.

Акыйкатчынын кызмат ордун саясатташтырууну жана ага ар кандай саясий күчтөрдүн таасирин жокко чыгаруу максатында мыйзамдын жаңы редакциясында “Акыйкатчы жана анын орун басарлары саясий партияларда турууга, кандайдыр-бир саясий партияларды колдоп же ага каршы чыгууга укуксуз” деген талап кошумчаланат.

Азыркы “Акыйкатчы жөнүндө” Мыйзамдын Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жобосу “баяндамы жактырбагандык” жана “ал антты бузушу” деген негиздер менен Акыйкатчыны кызматтан бошотууга жол берет. Бул түздөн-түз Акыйкатчы институтунун көз карандысыздыгына таасир эткенине байланыштуу, мыйзам долбоордун демилгечилери аталган негиздерди жоюуну сунуштайт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда Акыйкатчы “сот жана тергөө органдарынын өндүрүшүндө турган жазык, жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер менен, жазык ишин козгоодон баш тартуу болгон, токтотулган (токтото турулган) жазык иштери жана материалдар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдер (соттук актылар) менен таанышууга, ошондой эле алардын көчүрмөсүн алууга укуктуу” деп жазылган.

Бул сунушталган норма боюнча Жогорку Кеңештин Интернет-сайтында көрсөтүлгөндөй: «Башкы прокуратуранын өкүлү М.Жоробеков коомдук угууда “Акыйкатчы институту тарабынан токтотулган кылмыш иштеринин копияларын алуусунда тергөөнүн купуялуулугу сакталбай калат”, — деген ойду билдирди. Андыктан, ведомстволор аралык комиссия түзүп, мыйзам долбоору боюнча жалпы корутунду чыгарууну сунуш кылды».

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев М.Жоробековдун айтканына карата “Токтотулган кылмыш иштерине жеткиликтүү болбосок, адам укуктарын коргоодо кыйынчылыктар жаралууда”, — деп жооп салды.

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында мыйзамдын жаңы редакциясындагы нормалар мамлекеттик органдардын жана жарандардын сунуштары аркылуу дагы бир ирет “электен” өтө тургандыгы түшүнүкүү болду.

Добавить комментарий

вход