Салыкчылар дараметин өстүрүп…

Кыргызстанда Мамлекеттик салык кызматы менен Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) салыкчы кызматкерлердин дараметин жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырып баштады

«МСКнын кадрдык дараметин өнүктүрүү системасын жакшыртуу» долбоорун жайылтуу боюнча сүйлөшүүлөр протоколуна кол коюу аземи мекеменин басма сөз борборунда болуп өттү. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов, анын орун басары Расым Айдралиева, JICA агенттигинин туруктуу өкүлү Казухико Кикучи  жана башкалар катышты.

МСКнын төрагасы О.Абдыкаимов КР салык кызматынын кадрдык дараметин жогорулатуу системасын түзүүдөгү долбоордун маанисин баса белгилеп өттү.

Анын айтуусунда 2016-жыл ичинде салык кызматынын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында бир топ даярдык иштери жүргүзүлгөн. Алсак, JICA Салык кызматы менен биргеликте базалык иликтөө жүргүзүшүп, долбоордун дизайны матрицасын иштеп чыгышкан.

МСК басма сөз кызматы билдиргендей, аталган долбоор үч жылдын аралыгында ишке ашырылмакчы жана эки компоненттен турат: МСКда адам ресурстарын өнүктүрүү жана ар бир окуу курсу үчүн өзүнчө окутуу модулун (окуу программасын) иштеп чыгуу, анын ичинде сырттан окутуу системасын киргизүү, бул Кыргызстанда өзгөчө талап кылынган. Долбоордун алкагында ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн ишке кызыгуусун өнүктүрүү маселеси козголду. Бул максатта атайын окуу материалдары иштелип чыгып, тренерлер окутулуп, МСКнын кызматкерлерин, салык төлөөчүлөрдү окутуу боюнча тренерлерди жана биринчи кезекте жалпы мамлекеттик билим берүү мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларын жана  экономикалык эмес багыттагы окуу жайлардын студенттерин – Кыргызстандын келечектеги салык төлөөчүлөрүн  пилоттук окутуу иши жүргүзүлдү.

Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы катары салык кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу болуп саналат. Бул болсо, өз кезегинде, ведомствонун алдында турган милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берип, салык кызматынын ишмердигинин натыйжалыгын жогорулатууга оң таасирин тийгизмекчи, — деди МСК башчысы Октябрь Абдыкаимов.

Ушуга байланыштуу, ал кадрлар дараметин күчөтүү — мекеменин программалык документи болгон «МСКны 2015-2017-жылдарда өнүктүрүү стратегиясы» камтыган төрт артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин эскертип өттү.

О.Абдыкаимовдун сөзүнө ылайык, МСК үчүн Кыргызстандын болочоктогу салык төлөөчүлөрүнүн салык маданиятын жогорулатуу да эң маанилүү орунду ээлейт.

Өз сөзүнүн аягында О.Абдыкаимов долбоорду колдоого алгандыгы үчүн Казухико Кикучиге ыраазылык билдирип, ведомство долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн болгон күч-аракетин жумшаарын белгиледи.

JICA агенттигинин туруктуу өкүлү Казухико Кикучи  бул жылы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломаттык мамилелердин орногондугуна 25 жыл толгондугун эскертти.

Казухико Кикучи биргелешкен долбоордо коюлган максаттарга жетүүгө болгон ишенимин билдирип, аны ишке ашыруу мезгилинде аралыктан окутууну жайылтуу жолу менен МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын түзүү пландалып жаткандыгын, IT системасы менен башкаруучу тренерлер жана кызматкерлер окутулуп, пилоттук окуудан МСКнын кызматкерлери өтөөрүн белгиледи.

Пилоттук окутуунун жыйынтыгынын негизинде МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү планы иштелип чыгып, өз кезегинде, анын негизги бөлүктөрүн «МСКны 2018-2020-жылдарда өнүктүрүү стратегиясына» киргизүү үчүн МСК тарабынан сунушталмакчы.

Ушул максатка жетүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн МСК буга чейин кызматкерлерди окутууга тийиштүү сунуш долбоору менен JICAга кайрылган жана ал Япония өкүлчүлүгү тарабынан жактырылган.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход