Жаңы судьялар ант берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жалал-Абад облусунун шаардык жана райондук сотторунун, Ош облусунун райондук сотторунун жана Чүй облусунун райондук сотторунун жаңы шайланган 11 судьялары салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти

Ант берүү аземин ырасмий түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева ачып, жаңы шайланган кесиптештерин берген анттарына бекем болуусуна чакырып, өтө жооптуу иштерине ийгилик каалады.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары:

— Абдрахманов Жолон Жалалович Жалал-Абад облусунун Джалал-Абад шаардык сотуна судья болуп дайындалды;

— Турмаматов Муратали Курсаналиевич Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотуна судья болуп дайындалды;

— Бектемиров Куралбек Абдималикович Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна судья болуп дайындалды;

— Каримова Жыпар Кудайбердиевна Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна судья болуп дайындалды;

— Бегимбаева Аида Алымбековна жана Солпуева Назира Мукамендиевна Жалал-Абад  облусунун Токтогул райондук сотуна судья болуп дайындалышты;

— Осмонов Тарасбек Сапарбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна судья болуп дайындалды;

— Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна судья болуп дайындалды;

— Касымов Шухратбек Таирович Ош облусунун Алай райондук сотуна судья болуп дайындалды;

— Акылбекова Джамиля Дилдебековна жана Арзыбекова Жылдыз Ийгиликовна Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна судья болуп дайындалышты.

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 8-февралында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход