Тил билсең – дил билесиң

«I Love English 2017» видеолор сынагынын сыйлык берүү аземи

2017-жылдын 14-февралында саат 14:00дө, Бишкектеги К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында жайгашкан Америка Борборунда  АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги «I Love English Video Contest 2017» аттуу видеолор сынагынын сыйлык берүү аземин өткөрөт

Сынак 2016-жылдын 19-декабрынан 2017-жылдын 23- январына чейин өткөрүлдү. Англис тилинин үйрөнүүчүлөрү  үч жүзгө жакын кыска тасмаларын Фейсбуктагы «I Love English» баракчасына тартуулашкан. Тасмаларды чыгаруучу жана маалымдоо каражаттарынын адистери менен АКШ элчилигинин өкүлдөрү «эң күлкүлүү», «эң романтикалуу» жана «эң өзгөчөлөнгөн» видеолордун үч категорияларында жеңүүчүлөрдү тандашты.  Фейсбук баракчасында баарынан көп «лайк»тарды, ой-пикирлерди, жарыялоону жана комментарийлерди топтогон видео Гран-принин ээси болуп белгиленди. 

«I Love English Video Contest 2017» видеолор сынагынын сыйлык берүү аземинин учурунда 2016-жылдын 20-декабрынан 2017-жылдын 22-январына чейин өткөрүлгөн «Сабактын мыкты план-конспекти» аттуу сынакты жеңген үч англис тил мугалимдеринин ысымдары дагы аталат. Орто мектептердин кырк англис тил мугалимдери окуучуларды Америка маданияты менен тааныштырган жана англис тилин эл аралык баарлашуу тил катары белгилеген сабактын өзгөчөлөнгөн план-конспекттерин карап чыгууга тапшырышкан. Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын, Англис тил мугалимдеринин «Форум» ассоциациясынын жана АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия сабактардын план-конспекттерин карап чыгышты.

«I love English Video Contest 2017» видео сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 7-14 -февралда өтүп жаткан «Англис тил жумалыгын» жыйынтыктайт. Бул жумалык Билим берүү жана илим министрлигинин  демилгеси жана АКШ элчилигинин колдоосу менен жана «Лингва» англис тил мектеби тарабынан ишке ашырылды.  «Америка ырлары» сынактары, викториналар, дебаттар, плакат сынактары, кесиптик өнүктүрүү боюнча окуу программалары АКШнын алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн, АКШ элчилигинин дипломаттарынын жана Тынчтык Корпусунун волонтёрлорунун катышуусу менен өткөрүлгөн ар кандай интерактивдүү иш-чаралар Кыргызстан боюнча орто мектептерде өткөрүлдү жана өткөрүлүп келүүдө. 

Сыйлык беруу аземине Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мектеп директорлору жана АКШ алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү катышат. 

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход