Спорт майрамына – үй-бүлө курамында

18 февралда саат 09.30да Бишкек шаарынын Медеров көчөсү, 93 дарек боюнча жайгашкан (Панфилов көчөсүнүн кесилиши) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин «Семетей» спорттук борборунда жыл сайын уюштурулуучу «Атам, апам жана мен – мыкты спорттук үй-бүлө» спартакиадасы өткөрүлөт

Үй-бүлөнү өзгөчө бириктирип, ден соолугуң чыңдоону максат кылган бул иш-чара адаттагыдай эле 23-февраль күнү белгилене турган Мекен коргоочуларынын күнүнө арналат.

ЖАМК ырасмий өкүлү Элеонора Сабатарова билдиргендей, бул өзгөчө маанидеги иш-чаранын негизги максаты — аскер кызматкерлеринин ортосундагы үй-бүлөлүк карым-катышты бекемдөө, балдарды жана улууларды спортту сүйүү, сергек жашоо каадасына үндөө болуп саналат. Оюн-зоокту Департаменттин аскер кызматкерлери болгон ата-энелер уюштурууда.

Мелдештин негизги катышуучулары — Департаменттин бардык бөлүкчөлөрүнөн келген 12 үй-бүлөлүк команда. Ар бир тайпа ата-энеси жана 5 жаштан 10 жашка чейинки эки баладан куралат.

Спартакиаданын сынактары чуркоо, ордунан секирүү, алкактын ичинде топту айлантуу жана айлантып берүү, топту элөө (балдар), секиргичтен секирип жарышуу (апасы), топту бир буту менен элөө (атасы) тапшырмаларын камтыйт.

Ар бир үй-бүлөлүк тайпаны «Жылдын эң мыкты үй-бүлөлүк спорттук командасы» наамына жетүү сынактары күтүп турат. Көнүгүүлөрдүн туура жана так аткарылышын Департаменттин жана өз ара кызматташ түзүмдөрдүн дене тарбия нускоочуларынан турган калыстар тобу көзөмөлгө алышат. Бул күнү сынактын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлыктар тапшырылмакчы. Мелдештин бардык катышуучуларына артыкчылык дипломдору жана баалуу белектер ыйгарылат.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход