Билим берүү сапатын көздөй

Кыргызстанда соңку жылдары эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик мекемелер билим берүү чөйрөсүндө реформаларды ишке ашыруу жаатында биргелешип аракет жүргүзүүдө. Конрад Аденауэр атындагы кор менен «БИОМ» экологиялык кыймылы Европа Шериктештигинин колдоосунда биргелешкен долбоорду жүзөгө ашырып жатат

Ал долбоор «Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларга дем берүү жана байкоо жүргүзүү» деп аталат. Ал реформа ушул учурда билим берүү тармагында орун алган айрым жагымсыз көрүнүштөрдүн катарында мектептерде эби-чагы жок жыйым-теримдерди да жөнгө салмакчы.

Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин төрайымы Чынара Өмүркулова билдиргендей, илим-билим чөйрөсүндө реформа жүргүзүү, албетте, көп жылдар бою орун алып келе жаткан терс көрүнүштөрдү да жокко чыгарып, бул тармакты жөнгө салууга өбөлгө түзөт:

— Балдарды жашаган жери боюнча эч кандай тоскоолдуксуз кабыл алууга милдеттүү болгон мектеп жетекчилеринин ата-энелерден «кирүү салымы», «ыктыярдуу жардамы» деген сөздөргө жамынып алып, акча өндүрүү аракеттери, — бул, албетте, алардын мыйзамсыз, жосунсуз жоруктары. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги да, жеке мнистр да бир нече жолу билдирүү жасаган. Мен билишимче, мындай маселелер боюнча даттанып, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылгандардын маселелери оң жагынан чечилип келүүдө. Бирок бул тармактагы негизги көйгөйлөрдүн бири – эгемендик жылдарда биздеги мектептер «абройлуу» жана «абройсуз» деп, эки жаатка бөлүнүп калышкан. Бул, биринчиден, ошол мектептерде окуган балдарга, ал жердеги билим берүүнүн сапатына жана анда калыптанып калган мугалимдер жамаатына байланыштуу. Албетте, ата-энелердин баары эле балдарынын келечегин мүмкүн болушунча камсыз кылуу максатында аларды жакшы билим бере турган окуу жайларга киргизип алууга умтулат. Бирок кептин төркүнү дал ошол мектептердин макамынын өзү эч бир такталган эместигине барып такалат. «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамда ар түрдүү мектептердин макамы так аныкталбагындактан, алардын жетекчилиги жогоруда айтылган терс жолдорду колдонушууда. Мындан тышкары, турмуш дагы күн сайын өз түзөтүүлөрүн киргизип жатпайбы. Мына, ушундан улам миграция, демография, деги эле бүткүл дүйнөдө илим-билим жаатында болуп жаткан өзгөрүүлөргө ылайык, биз өз өлкөбүздүн билим берүү тармагын шайкеш келтирүүгө тийишпиз. Мына ушул өңүттөн алып караганда, биздеги бул чөйрөдө  орун алып жаткан жемкордук, паракордук сыяктуу терс көрүнүштөр – бул  биздин билим берүү тармагыбыздагы көйгөй-түйшүктөрдүн бир гана бөлүгү, — деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин төрайымы Чынара Өмүркулова

Белгилүү коомдук ишмер, билим берүү жаатындагы эксперт Алмаз Тажибай, балдарды мектепке киргизүүгө далалат кылып жаткан ата-энелерден акча өндүрүү терс аракеттерине каршы түздөн-түз коомчулук күрөшкөнү туура эмес дейт:

— Биз коррупцияга каршы күрөшө албайбыз, анткени бизде коррупция менен мамлекеттик органдар эле күрөшөт. Биз болсо ага көмөктөшөбүз. Анан биздин көмөктөшкөнүбүз – бул министрликте болобу, башка мамлекеттик органдарда болгон иштерин, жол-жобосун так сактаса. Мисалы, бизде көп эле мыйзамдар кабыл алынат, бирок ошол органдар өз иштерин мыйзамдарга ылайык алып барбайт, тилекке каршы. Ошон үчүн биз аларга жардам беребиз.

— Анда ушундай шартта коомчулук, өзгөчө мектеп окуучуларынын ата-энелери эмне кылышы керек?

— Тилекке каршы, бизде электрге төлөгөндөй эле, «Гимназияга», — деп коюп, утур-утур бирде үч жүз сом, бирде беш жүз сом төлөй беребиз. Бирок ал акча эмне көйгөйдү чечүүгө жумшалып жатат? Биз ошону билбейбиз. Ошондуктан: «Мынча акча керек», — деп, так көрсөтүп, долбоор жазыш керек. Анан ошол долбоорду ишке ашырууга бир жыл ичинде ата-энелерден каражат чогултуш керек, — деди Алмаз Тажибай.

Кыргызстандагы билим берүү тармагын кайра куруу жаатында Конрад Аденауэр атындагы кор менен «БИОМ» экологиялык кыймылы Европа Шериктештигинин колдоосунда биргелешип атайын долбоорду ишке ашырып жатышат. Мен «Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларга дем берүү жана байкоо жүргүзүү» деп аталган бул биргелешкен долбоордун эл аралык эксперти Биргит Ветцелге кайрылдым:

— Мектептерде тигил же бул максаттарга деп, ата-энелерден улам акча чогултуу көйгөйү Европада барбы? Жана ошол түйшүктү ал жактагы ата-энелер кантип чечет?

— Сиз айтып жаткан маселе — бул бир чакан гана түйшүк эмес, глобалдык көйгөй. Ар бир адам муну билет эмеспи. Биздин ата-энелер аны балдары аркылуу жакшы билишет. Көп учурда мугалимдер сынга алынат. Айрым жагдайларда тараптардын көз караштары карама-каршы келет. Бул маселени ар бир класстан бир окуучу, бир мугалим жана бир ата-эненин өкүлүн катыштыруу аркылуу чечсе болот. Мисалы, Германияда ушул сыяктуу маселе чыкса, ал дал ошентип дароо эле ата-энелердин кеңешине салынат. Анан бул көйгөй биргелешип иш-аракет жүргүзүү аркылуу чечилет.

— Сиз кандай деп ойлойсуз, бул маселени жакынкы жылдары, балким, жок дегенде жакынкы он жыл ичинде чечсе болот деп ишенесизби?

— Кандайдыр бир мөөнөттү чектеп коюу кыйын болсо керек. Бул ар дайым өзгөрүп турган, кала берсе бүт дүйнөнү бойлоп кеткен маселе. Бардык тараптардын катышуусун, кызыгуусун талап кылган көйгөй. Бул системалык түйшүк деп айтсак дагы болот. Тараптар буга кандайдыр бир деңгээлде көзөмөл жүргүзүп,  маселенин чоо-жайын ачык айтып турса, аны чечүү мүмкүн. Германияда дал ушундай аракеттер өзүнүн оң натыйжасын берген, — дейт эл аралык эксперт Биргит Ветцел.

«БИОМ» экологиялык кыймылынын кеңешинин төрагасы, илим доктору Владимир Коротенко Кыргызстандын тектептеринде кең тарап кеткен жана «жыйымдар» деп аталып калган көрүнүшкө  каршы жандуу күрөш жүргүзүүнүн кажети жок жана ошол жыйымдарды мыйзамдаштырып коюу гана керек деген ой-пикирде.

—  Мен сизди туура түшүнсөм, мурда мыйзамсыз, жең ичинен топтолгон акча эми сапаттуу билим алуу үчүн мыйзамдуу акы төлөөгө айланып калабы?

— Ооба, болгондо да, сапаттуу билим алуу жана коопсуздук үчүн! Менимче, кептин маани-маңызы мына дал ушунда. Анан, сиз билесизби, «ата-энелерден акча чогултуу», «өндүрүп алуу» деген сөздөрдүн өзү эле ушундай жагымсыз, терс мааниде. Бирок, менин балам окуган мектепте каражат жетишпесе, мен ошол баланын атасы катары биздин мамлекет камсыз кылып бере албай жаткан шарттар үчүн өзүм кошумча каражат төлөп берүүгө даярмын. Кала берсе, мамлекетибиздин экономикасы да азырынча өнүккөн мамлекеттердегидей дүркүрөп өнүгүп кеткен жок да…

— «Мыйзамдаштыруу» дейсизби?

— Ооба, албетте, мыйзамдаштыруу керек! Мында маселе жок, ал мыйзамдуу гана болууга тийиш. Анын үстүнө, нарк экономика мамилелерине оң жана либералдуу өңүттөн алып  караган инсан катары, мени өз перзентиме мындай кошумча каражат сарптоо чочутпайт. Бирок канткенде дагы, мен акысын төлөп жаткан кызмат көрсөтүү иш жүзүндө сөзсүз сапаттуу жана коопсуз болууга тийиш.

Маектерди алып барган Толкунбек Турдубаев

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход