АКШ паралимпиялык сноубордчусу Кыргызстанда

Бүгүн, 23-февральда, АКШ жараны, паралимпиялык сноубордчу Дастин Флемиң Каракол шаарынын жана област борборуна жанаша жайгашкан айылдардан 30 жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн Каракол лыжа базасында спорттун кышкы түрлөрү боюнча машыгууларды өткөрөт

«Мен кыялымдын артынан кууп жүрөм», — дейт  ушул кыялынан башкалар менен кең пейилдик кылып  бөлүшүп жаткан Дастин Флемиң.  Ал  чакан топторго бөлүнгөн жана Кыргызстандагы АКШ элчилиги тарабынан тийиштүү жабдуу менен камсыздалган балдарга өз чеберчилигин көрсөтүп, спорт ыкмаларын үйрөтөт. Андан кийин топтордогу балдар кыргыз спортчулары жана лыжа базасынын насаатчылары менен иштешет. Кыргызстандык спортчулар жана АКШ Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары балдарга жаңы үйрөнгөн көндүмдөрүн арттырууга жардам берет.

— Мен кайрадан кыялымды орундатууну көздөп жүрөм, бул кыялым – 2018 жылы Түштүк Кореяда боло турган Паралимпия оюндарга катышуу, — дейт Дастин. Ал учурда АКШнын курама тайпасына кирүү максаты менен түрдүү мелдештерге катышып, жер кыдырып жүрөт жана өз өмүрүн ошого арнап жатат.

Караколдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иш-чараларды чагылдырганга чакырылат. Андан тышкары, сноубордчу жергиликтүү мектеп окуучулар жана студенттер менен Караколдун Америка борборунда жолугуп маектешет.

Программанын катышуучулары негизинен жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын арасынан тандалып, Каракол шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын мектеп директорлору сунушталган.

Андан тышкары, Дастин кыргыз спортчулары, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин, Сноуборд федерациясынын жана Улуттук Паралимпиялык комитетинин жетекчилиги менен жолугат.

2004-жылдын апрелинде, Дастин Флемиң АКШнын Деңиз жөө аскерлер корпусуна кирип, анын айтылуу «Force Recon» бөлүмүндө кызмат өтөгөнгө дайындалат. Эки жыл өтпөй, 2006-жылдын 17-октябрында Дастиндин жашоосу түп-тамыры менен кескин өзгөрүлөт. Жөө кайгуулда жүргөндө, ал оң бутуна жарадар болот. Алган жаракаты бутунун нервине оор зыян келтиргенине байланыштуу, 2008-жылы анын буту тизесинен ылдый кесилет. Жаракат алып, бутунан ажырагандан кийин Дастин мындан ары кантип жашоо керек деген сыяктуу оор ойлорго дуушар болот. Аскердик кызматы бүткөн соң, ал жашоосунда мурункудай спорт менен алектене албай калганын ойолонуп жатып, акыл-эси жана денелик жактан чөгүп калат.

2012-жылдын ноябрь айында ал үйүн таштап, өзү тоодо жашап, өмүрүн жаңы спорт түрүн – сноубордду – өздөштүрүүгө арнайт.

— Биринчи күндөн баштап эле, мен туура чечим кабыл алганымды билгем. Мен ошол замат сноуборд дегенден жалындап, аны менин өмүрлүк ишиме айландыруунун жолун издей баштадым. Мен «Adaptive Action Sports» сноуборд тайпасына кирип, Колорадо Сприңс Олимпия даярдоо борборунда келечекке көптү үмүттөндүргөн спортчулар менен бирге машыгууга чакыруу алдым, — деп баяндап берди Дастин.

«Adaptive Action Sports»  командасынын веб-сайтынын дареги: http://adacs.org/

Иш-чараларды чагылдырууга кызыккан ЖМКдын өкүлдөрү АКШ элчилигини басма сөз кызматы менен 597 396, 597 595, 0770 770 299 телефон номурлар же BishkekPAS@state.gov электрондук даарек аркылуу байланышуу зарыл.

Дастин Флемңдин иш-чараларынын тартиби:

     
21-февраль 10:30 – 12:00       Дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери жана жетекчилиги менен жолугушуу
                        15:00 – 16:00  

“English Access Microscholarship”программасынын бүтүрүүчүлорү менен жолугушуу

 

  18:30– 20:00 Кыргыз спортчулар жана Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин, Сноуборд федерациясынын жана Улуттук Паралимпиялык комитетинин жетекчилиги менен жолугушуу

 

23-февраль 09:00-16:00 Каракол лыжа базасында кышкы спорт боюнча балдар үчүн сабактар
   

10:00-11:00

 

Каракол ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-брифиң  

 

24-февраль

 

9:00-10:00   

 

Караколдогу Америка борборунда мектеп окуучулары менен жолугушуу.


“Adaptive Action Sports” уюмдун өнүгүү директору Мэт Колвиндин иш-чаралардын тартиби:

22-февраль 14:00-15:00 Майып балдардын атаэнелиринин ассоциациясыөкүлдөрү менен жолугушуу

 

  15:30-16:30 Үмүт-Hope” балдарды калыбына келтирүү борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу    

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход