Акын кызматын өтөп…

Касымалы Баялинов атындагы Балдардын республикалык китепканасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2-Түзөтүү мекемесинин кызматкери Жыпаркүл Жетигенованын «Күзгү нөшөр» жана «Ыр сунам» аттуу эки ыр китептеринин бет ачары болуп өттү

Ж.Жетигенова – «Кыздар-ай» республикалык адабий бирикменин мүчөсү, ал «Алыкул-100» ардак грамотасы менен сыйланган. Анын ырлары «Бейиш энелердин таманында» энциклопедиялык жыйнагына кирген.

Акындын ырлары негизинен ата-энесине, Ата Мекенге жана махабат сезимине арналган. Жыйнакка ошондой эле турмуштун оош-кыйыш жолдорунда оор тагдырды баштан кечирген аялдар, камактагылардын өмүрү, күнүмкү көйгөй-түйшүктөрү жөнүндө баяндаган тилек ырлары кирген.

Жаштарды тарбиялоо жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн акын айым «Асылзат нуру» жана «Ала-Тоо айымдары» төш белгилери менен сыйланган. Жыпаркул Жетигенова атактуу кыргыз акыны Байдылда Сарногоевдин жаркын элесине арналган «Байдылда-85» жарыш сынагынын жеңүүчүсү.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход