Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кече келип түшкөн ырасмий маалыматка ылайык, бир күн мурда мыйзамсыз баңги зат жүгүртүүсүнө тиешеси бар бир катар мурдагы жана азыркы атайын кызматкерлер колго түшүрүлдү
УКМК кабарлагандай, ушул жылдын 7-март күнү укук коргоо органдарынын мыйзамсыз баңги зат жүгүртүүсүнө тиешеси бар кызматкерлерине карата УКМК Өздүк коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги биргелешип жүргүзгөн оперативдик иш-чаралардын натыйжасында улуттук коопсуздук органдардын мурда иштеп кеткен жана учурдагы офицерлери кармалды.
УКМК басма сөз борбору билдиргендей, амалга ашырылган атайын чаралардын жыйынтыгында салмагы 7,5 кг чамалуу «героин» баңги заты мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгарылды.
Кылмыш ишин ар тараптуу жана калыс иликтөө максатында, топтолгон материалдар ИИМ Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди.
Азыркы учурда колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу абак жайында кармалып турат.
[SvenSoftSocialShareButtons]
Автор: Бекболот Касаболотов Иллюстрация: Кадыр Батырканов ОО «Партнерская группа «Прецедент» провела небольшое исследование по соблюдению государственными органами и органами местного самоуправления законодательства о доступе к информации […]
Автор: Бекболот Касаболотов Фото: Pixabay В предыдущем материале мы рассмотрели ответственность за нарушения в государственных закупках по новому кодексу о правонарушениях, теперь поговорим об уголовной ответственности […]