Саламаттык сактоо: эски система бузулушун каалабайт

Министр Талантбек Батыралиев: «Денеде кан алмашкан сымал, саламаттык сактоо тармагына дагы жаңы кадрлар, жаш муундар келиши зарыл»

Кыргызстанда кимдир бирөөнү нааразылык акциялар аркылуу таң калтырыш кыйын. Ошондуктан соңку жумаларда адатынча байма-бай өткөрүлүп келе жаткан бул иш-чаралар көнүмүш болуп көрүнгөн. Бирок алар кызуу кандуу кырдаалда өтүп, мамлекеттик кызматкер, саламаттык сактоо министри болсо да, Талантбек Батыралиев деген жеке бир инсанга да каршы багытталгандай таасир калтырды. Ошол митиңдер, иш-чаралардын катышуучулары аларга мыйзам укук берген тартипте өз ой-пикирлерин каалагандай, ээн-эркин айтып алышты. Бирок алар катуу сындап келген экинчи тарапта дагы өз ой-пикирин ошондой эле эркин жана кеңири айтып берүү укугу бар эмеспи. Ошондуктан Батыралиев мырзаны маекке тартууну туура таптык

— Министр мырза, экөөбүз маектеше турган маселе, албетте, учурдагы кырдаалга байланыштуу…

— Кайсы суроо болсо да, бере бериңиз, менин эч бир каршылыгым жок.

— Талантбек Абдуллаевич, ким гана болбосун, мамлекеттик кызматты ээлеген соң, төрт тарабы төп келген, кемчилиги жок, идеалдуу киши болушу кыйын. Ал эми өзгөчө Сиз башкарган чөйрөнү алып карасак, анын көйгөй-түйшүктөрү да социалдык жактан өтө курч, абдан оор, болгондо да, соңку эле жылдары эмес, ондогон жылдары, тээ совет доорунан бери келе жаткан түйшүктөр экендигин билебиз. Бирок ошентсе да, өзүңүз кандай деп ойлойсуз, эмне себептен Сизге мынчалык катуу сын айтылып, ал турсун бир топ олуттуу айыптоолор да жаңырды? Айтыңызчы, алар кай даражада негиздүү, Сиз аларды жүйөлүү деп эсептейсизби?

— Биринчиден, сөз эркиндиги деген бар, жарандар менин кылып жаткан иштерим боюнча, мен жөнүндө бүт баары эле бирдей ойдо болушу мүмкүн эмес. Экинчиден, мен кылам деп жаткан иштердин бүт бардыгы системалык өзгөртүүлөр аркылуу  мурдагы көнүмүш системаны бузат. Мына, бир эле мисалды айтайын, дары-дармек боюнча. Бүгүнкү күнгө чейин 25 жылдын ичинде дары-дармек сектору бүт бойдон жеке менчикке өтүп кетти. Мыйзамдар жана мыйзам иштеткен нормативдер да бүт бойдон ошол бизнести коргоого багытталган. Биз азыр чыгып, бул жаатта мыйзамдарды өзгөртөбүз, монополисттер болбосун, бааларды өзгөртүп, дары-дармектин бааларына мамлекет кийлигиши керек, ар ким каалаган баада сата албайт, деп айтып жатабыз. Ошондой эле биздин оюбуз — монополисттер болбой, бүт эле жарандарыбызга “кымбат баалуу”, “сапаттуу” деген гриф менен кымбат болбогон, ошол эле учурда дары-дармекти сапаттуу чыгарган гана фирмалар тарабынан келтирилип, сатылышына мүмкүнчүлүк берүү. Ал кымбат баалуу дарыларды бардыгынын сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан жарандарыбыз өзү каалагандай, каалаган системадагы келтирилген дары-дармекти, бирок мамлекет тарабынан уруксат берилген, мыйзамдуу жол менен кирген  дары-дармектин сатылышын камсыз кылмай, — биздин ой мына ушул.  Ошондой эле бүгүнкү күндө биздин акчасы болгон эле жарандарыбыз супермаркеттен туз, нан алгандай эле, дары-дармекти да кудду ошондой эле сатып алып жатат. Же андай эмеспи? Ушул туурабы? Ал таптакыр туура эмес! Себеби ар бир дары-дармек дарыгерлер тарабынан көзөмөлгө алынып, алардын уруксаты менен берилип, анын натыйжалыгын алдын ала көрүп чыгыш керек. Эгерде кандайдыр бир кыйынчылыктар, ден соолук үчүн мүчүлүштүк пайда болсо, алардан жыйынтык чыгарып, ал боюнча ошол фирмаларга каратып чаралар көрүлүш керек. Бул системанын өзгөртүлүшүн бүт баары эле каалайбы? Каалабайт!  Ошондуктан эки жылдан бери биз аябай кыйынчылыктар менен дары-дармек боюнча үч пакет мыйзамды Жогорку Кеңешке сунуш кылып, киргиздик. Алардын коом тарабынан талкууланып, бейөкмөт уюмдар менен бирге талкуудан өттү, анан Жогорку Кеңешке кирди. Бирок муну оңойлук менен өткөрө койбойт, анткени көнүмүш болуп калган эски система бузулуп калат да! Мыйзам дайыма эле өзүнөн-өзү иштеп кетпейт, ал иштеп кетиши үчүн бүгүн башка мамлекеттерде кандай көзөмөл системасы болсо, мен ойлойм, жарандарыбыз тиешелүү органдардын он-лайн системада дары-дармектин жүгүртүүсүнүн эрежелерин, жүгүртүү тартибин көзөмөлгө ала турган улуттук дары-дармек боюнча, медициналык буюмдарды жүгүртүү боюнча он-лайн системаны, ушулардын баары боюнча атайын улуттук банк киргизүү керек. Булар кимине болсо да жакпайт, анткени алар бүгүнкү күндө көрүп жатат, дарыканаларда сатылып жаткан дары-дармектин кайсынысы, кандай көлөмдө ким алып кетип жатат дегенди саламаттык сактоо тармагы толугу менен көзөмөлгө ала албайт. Себеби Саламаттык сактоо министрлигине ушул маселе боюнча претензия, доомат кылуу укугу берилген, бирок көзөмөл укугу берилген эмес. Бул да абалды бузат. Сиз өзүңүз да билерсиз, азыркы учурда Бажы кызматы ырасмий түрдө көлөмү 13 миллиард түзгөн дары-дармекти көзөмөлдөп келе жатат.

— Бул сомго эсептегендеби?

— Ооба, 13 миллиард сом. Бирок негизги эксперттер айткандай, бул дары-дармектин көлөмү, реэкспортту кошкондо, 80 миллиард – 100 миллиард сомдун тегерегинде. А бизде болсо, Саламаттык сактоо министрлигинде өлкөгө кирген дары-дармектин кайра реэкспорт болуп чыгып кеткендигинин көлөмү жөнүндө эч кандай деле маалымат жок. Ошондуктан, мен ойлойт элем, дары-дармекти жүгүртүү боюнча дүйнөлүк стандартта кандай система болсо, ошондой система бизге да кирип, жарандарга сапаттуу дары-дармектин берилүүсү менен бирге алардын мыйзамдуулугун жана сапатын текширген мамлекеттик система киргизиш керек, анан алардын баасына мамлекеттик регулятивдик укук берүү керек, ансыз болбойт. Анан экинчи тармак бүгүн — бул реформа. Бирок реформа деген — бул жалаң гана жаңы имараттарды куруп эле коюу эмес. Анткени жаңы имараттарды жаңы, заманбап жабдып, ал жерде иштей ала турган сапаттуу адистерди даярдоо керек. Ал эми бизде мен кырк жыл мурда окуган клиникалык база бар эле, мына ошол эле клиникалык база азыр да бар, ичиндеги эмерек да ошол, ал кандайдыр бир өзгөрүп кеткен жери жок. А бирок бүгүн ошол имараттардын бардыгын ичиндеги мазмуну чечет да, ошондуктан биз жөн эле жаңы ооруканаларды кура бербей, алардын ичин да толтуруп, бирок ошол жерде иштеген системасын да өзгөртүшүбүз керек.  Анткени кадрларды, атайын адистерди, илимий кызматкерлерди даярдоо боюнча кеп кылып жатканда, алардын бүт бардыгы алардын жоопкерчилигин жана кесиптик жетиктигин камтыйт да, жаңы система жетекчилердин же ошол ишканаларды текшерүү боюнча дүйнөдөгү баа берүү стандартка да өтүүнү талап кылат. Анткени, көнүмүш адатка салып эле, өзүбүздүн эле системадан келген комиссиялар келип, мактап кеткени менен, бүгүнкү күндө жада калса колунда бар врачтардын өзү эле чет мамлекетте дарыланып жатат, бул эч кимге жашырын сыр эмес. Ушунун өзү эмнеден кабар берет? Демек, биз сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтө албай жатабыз.  Сиз өзүңүз билгендей, жыйырма-отуз жылдан бери иштеген ооруканалардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери бар. Адамдын денесинде кан алмашып тургандай, жетекчиликте да кан алмашып, жаш кадрларга орун бошотуп, ошондой эле белгилүү бир чекти койбосок, кээ бир саламаттык сактоо мекемелери үй-бүлөдөн үй-бүлөгө өтүп кетип жатат.

— Демек, кадрлардын жаңыланышы — өз алдынча турган дагы бир көйгөй-түйшүк турбайбы?

— Ооба, жаңылануусу зарыл. Ошондуктан медицинада кадр даярдоо эмес, кадрларды жайгаштыруу, ушул кадр маселесин трайбализм, регионализм сыяктуу ар кандай “измдерге” жол бербей, дүйнөдөгү заманбап стандарттарга ылайык колго алуу милдети турат. Мына, айтып жатпаймынбы, бүгүн чет мамлекетте окуп келген биздин адистерибиз өзүбүздүн мамлекеттик системага ишке орношо албай жүрөт, анткени эски системада иштегендер аларды жолотпой жатат. Андан башка, аларда маяна түйшүгү да бар. Анда биз ойлойбуз да: “Өзүбүздүн ичибизде эле, баягы эле эски имараттарда жетилген кадрлар менен иштей берсек боло берет”, — деп. Бирок биз бул жол менен кете берсек, анда элибизге сапаттуу медициналык кызмат кылып беришибиз мүмкүн эмес! Ошондуктан бул эски, көнүмүш адатка айланган эски системанын бузулушу, аны бузуу аракеттери эч кимдин көңүлүнө батпайт жана жакпайт. Мына ушундан улам, мага каршы багытталган процесстерди мен күтүлгөн нерселер деп ойлойм, анткени эч ким өзү мурда куруп алган системасын бузгусу келбейт, бул адамдын табиятында бар…

(Уландысы бар)

Маекти алып барган Толкунбек Турдубаев

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход