Салык кызматы: түнкү дидарлашуу

Мамлекеттик салык кызматы 20-марттан тартып Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алат

Өлкөнүн салык органдары салык төлөөчүлөргө декларацияларын тапшырууда толук кандуу жана  ар тараптан жардам көрсөтүү максатында, ушул жылдын 20-мартынан тартып Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштайт.

МСК басма сөз кызматы билдиргендей, тактап айтканда, декларациялар бардык салык органдарында 20-марттан тартып 31-мартка чейин, майрам жана дем алыш күндөрдү кошкондо, саат 09дан 24кө чейин кабыл алынат.

Декларацияны иш убактында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөрдө аны саат 18ден кийин да тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.

1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиги тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердигин жүзөгө ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 телефон номурунан же www.sti.gov.kg  сайтынан алууга болот.

 

Добавить комментарий

вход