Америкалык ыр сынагы-2017

Америкалык ырлардын сынагынын гала-концерти 30-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлдү. Бул иш-чара АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланды

Бул америкалык «ыр кесе» бир нече айды камтыган мектептердеги, мектептер аралык жана областтарда  өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгы.  Сынакка Ош, Жалал-Абад, Чүй областтары  жана Бишкек шаары боюнча  жалпы-жонунан 66 орто мектептин 600дөн ашык окуучулары  катышууда.

Гала-концертте белгилүү кыргызстандык ырчылар менен бирге аталган ар бир областтан америкалык ырлар сынагынын үчтөн  жеңүүчүсү, же жалпысынан 12 катышуучу, өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулады.

Бул ыр сынагынын максаттары — Кыргызстандагы орто мектептердин мугалимдери жана окуучуларына  аңглис тилин өздөштүрүүдө  чыгармачылык ыкмаларын колдонуу жолдорун көрсөтүү, калыптандыруу жана АКШ элинин музыкалык маданияты менен тааныштыруу.

Cынакты уюштурууга Кыргыз Республикасындагы Америка музыкасынын  борбору,  Чет тилдер мугалимдеринин «Форум» ассоциациясы жана «Сан Пипл» коомдук кору өнөктөштөр болду.

Бул маданий иш-чарага кирүү акысыз болду.

Добавить комментарий

вход