Эсептөө палатасынын аудитору кантип шайланат?

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊешке Заирбек Жолдошовдун талапкердигин Эсептөө палатасынын аудиторунун кызматына сунуштады

«АКИпресс» маалымат агенттиги көрсөткөндөй, жаӊылык Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети менен экономикалык жана фискалдык саясат комитеттеринин бириккен отурумунда белгилүү болду. «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматов аталган маселени бириккен отурумдун күн тартибине киргилизишин өтүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, Президент Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке көрсөтөт. Ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.

“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Мыйзамы боюнча, Эсептөө палатасынын мүчөсү жана Эсептөө палатасынын аудитору — бул бир эле түшүнүк. Ал мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча тийиштүү алкакта милдеттери бар мамлекеттик кызмат орун экендигин билдирет.

Бул мекеме мамлекеттик аудиттин көз каранды эмес жогорку органы болуп саналат. Эсептөө палатасынын ишинин негизги максаты — аудит жана аудиттин натыйжалыгы: республикалык бюджеттин аткарылышына, жергиликтүү бюджетти, бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды түзүүгө жана аткарууга, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга баа берүү, мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу болуп саналат.

Палатада аудитор болуш үчүн кызмат орунга кызыккандар квалификациялык талаптарга жооп бериш керек. Биринчиден, талапкер жогорку билимдүү болуш керек. Экинчиден, талапкер мамлекеттик аудит жана көзөмөл, экономика, финансы жана укук жаатында 7 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбага ээ болушу кажет.

Жогоруда айтылгандай, парламент Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын үчтөн бирин – мамлекет башчынын, үчтөн бирин — парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин — парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт.

Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу өтөт. Демек, шайлагандар атын атабай добуш беришет жана алар кандай добуш берсе да («макул», «каршы»), алардын эрк билдирүүсүн көзөмөлдөөгө жол берилбейт. Жогорку Кеӊештин Регламентинин 88-беренисенде “жашыруун добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун же бюллетендерди пайдалануу менен өткөрүлөт” деп айтылган.

Шайлоо жөнүндө чечим катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынат жана токтом менен жол-жоболоштурулат.

 

Добавить комментарий

вход