МСК: «пилоттор» турмушка ашырылууда

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, ал ишке ашырып жаткан пилоттук долбоордун негизинде ушул жылдын алгачкы 4 айынын ичинде 25,7 миллион сомдук 17 миң 21 камсыздандыруу полисин тапшырды, 646,8 млн. сомдук 27 миң 189 эсептик ведомосттору кабыл алынып, дыйкандык (фермердик) чарбаларга 1,6 млн. сомдук 1045 дүмүрчөк берилди

Бул долбоор жүзөгө ашырылып жаткан Бишкек шаарынын Октябрь жана Чүй облусунун Сокулук райондорунун салык органдары тарабынан 2016-жылы 69,6 млн. сомдук 64 миң 248 камсыздандыруу полиси сатылып, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча 1 млрд. 403,3 млн. сомдук 54 миң 627 эсептик ведомосттору кабыл алынган, дыйкандык (фермердик) чарбаларга 2,7 млн. сомдук 1742 дүмүрчөк жазылып берилген.

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы токтомуна ылайык, МСК пилоттук долбоордун алкагында камсыздандыруу төгүмдөрдү башкарып тескөө функцияларын жана ыйгарым укуктарын кезеги менен киргизүүнү жана жөнгө салууну турмушка ашырууда.

Аталган долбоор Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй облусунун Сокулук району боюнча башкармалыктарында ишке ашырылып жатат.

Анын биринчи кезегинде 2015-жылдын 1-декабрынан тартып жалданма жумушчулары жок жеке ишкерлер камтылган. Ал эми экинчи кезек 2016-жылдын 1-мартынан баштап жалданма жумушчулары бар жеке ишкерлер, жер үлүшү же анын бир бөлүгүнө ээ, бирок дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөсү болуп эсептелбеген жеке жактар, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар тийиштүү болгон.

Үчүнчү кезек болсо 2016-жылдын 1-майынан баштап юридикалык жактарга жана юридикалык жакты түзгөн дыйкан (фермердик) чарбаларга карата ишке ашырылууда.

 

 

Добавить комментарий

вход