МСК: түштүктөгү салык иштери

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов өлкөнүн түштүк чөлкөмүнө болгон үч күндүк иш сапарынын жүрүшүндө Ош шаары, Ош жана Баткен облустарындагы аймактык салык органдарынын иштери менен таанышып чыкты

МСК басма сөз кызматы билдиргендей, ведомствонун жетекчиси Ош, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарлары, Лейлек, Кадамжай, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча МСК башкармалыктарына, ошондой эле түштүк чөлкөмү боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө кеңсесине барды.

МСК төрагасы О.Абдыкаимов аталган аймактык мекемелериндеги салык төлөмдөрдүн келип түшүүсү, уюштуруу иштерин, анын ичинде «бирдиктүү терезе» ыкмасы боюнча иштешин, жана алардын жумуш шарттарынын учурдагы абалы менен жеринде таанышып, көйгөйлөрүн укту.

Салык кызматынын башчысы эмгек шарттарына тийиштүү болгон оң-терс жагдайларга көңул бурду. Алсак, төлөм терминалдар жагынан жогорку деңгээлдеги камсыздуулугу, Чоң-Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча башкармалыктарынан башка, дээрлик бардык салык органдарынын имараттарынын канаат кылган абалы белгиленди. Бардык салык органдарында «бирдиктүү терезе» ыкмасы боюнча кызмат көрсөтүү ишке киргизилген.

Ал эми аймактык салык органдары тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн катарында салыкчылардын эмгек акысынын төмөндүгү, компьютерлердин жана жалпы эле уюштуруу техникасынын жетишсиздиги, кызматтык кийим жагынан начар камсыздоо жана бир катар башка маселелерге тийиштүү да жетишсиз каржыланышы белгиленди.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча МСК жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги, эмгек жамааттары менен болгон кеңешмеде Мамлекеттик салык кызматынын башчысы ар бир салык органдары тарабынан өлкөнүн бюджетин толтуруу планынын аткарылышы боюнча учурдагы маселелерди жана милдеттерди, иштеги болуп жаткан көйгөйлөрдү талкууга алды.

Салык органдарынын жетекчилери МСК башчысына аткарылып жаткан иштер жана азыркы учурдагы салык төлөмдөрүнүн болжолдук көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат беришти.  МСК жетекчиси аларга кошумча булактарды табуу жана салык базасын кеңейтүү боюнча талдоо иштерин күчөтүү, ошондой эле мамлекеттик бюджетке салыктык келип түшүүлөрдүн болжолдук көрсөткүчтөрүн 100% аткарууга жетишүү тапшырмасын берди.

О.Абдыкаимов эң башкы милдет катары салыкчылардын кыйынчылыктарга карабастан, салык жана төлөмдөрдү чогултуу боюнча пландын аткарылышына болгон күч-аракеттерин жумшоо зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгын чыгарып жатып, МСК башчысы салык органдарынын жетекчилерине болжолдук планды аткаруу менен бирге, болуп жаткан кемчиликтерди жоюу жана кошумча салык булактарын табуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

Ушул жылдын алгачкы төрт айында салыктарды жыйноо боюнча планды Ош облусунун аймактык бөлүктөрү 105,1%га, Баткен облусунда – 98,4%га аткарылып, тиешелиги боюнча 567,6 млн. сом жана 290,1 млн. сом чогултулган.

Анын ичинде салыктарды чогултуу боюнча болжолдук планды Сүлүктү шаары – 103,1%га, Баткен шаары – 95,2%га, Кызыл-Кыя шаары –101,3%га, Баткен району – 92,1%га, Лейлек – 92,5%га, Кадамжай –101,6%, Ноокат – 100,7%, Кара-Суу – 103,9%, Алай  – 118,9%, Чоң-Алай  – 173,5%, Араван – 102,1%, Кара-Кулжа – 100%, Өзгөн району – 101,6%га аткарышкан.

Мындан тышкары, Ош шаары боюнча МСК башкармалыгы тарабынан болжолдук план 101,4% (609,6 млн. сом чогултулган), Түштүк чөлкөмү боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан – 80,3% (126,9 млн. сом) камсыз кылынган.

Добавить комментарий

вход