Судьяларды окутуу

1-2-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Административдик-процесстик кодекс боюнча судьялар үчүн эки күндүк трениң өтүүдө

Мекеменин басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдиргендей, аталган иш-чарага Жогорку сотто жана жергиликтүү соттордо экономикалык жана административдик иштерди караган судьялар катышып жатат.

Трениңде Жогорку соттун судьясы Бактыгүл Аманалиева жана Германиянын эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) эксперти, «Коомдук укук институту» коммерс эмес мекемеси башкармалыгынын төрагасы Эрмек Иманалиев лекторлук милдетти аткарышууда.

Иш чаранын катышуучулары программа боюнча «КР АПКсынын системаланышы, ролу жана багытталышы», «Калыс тергөө принциби», «Административдик иштердин сотко жана ведомствого караштуулугу», «Доо арызды камсыздоо. Административдик доо арыздарынын түрү», «Ишти соттук териштирүүгө даярдоо», «Соттук териштирүү», «Далилдерди изилдөө», «Чечим чыгаруу», «Даттануу жана соттук актыларды кайра кароо» темалары менен таанышып жатат.

Окутуу КР Жогорку сотунун демилгеси жана Европа Биримдигинин  «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоору жана «Борбордук Азия өлкөлөрүнө  укуктук  мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү»  программасынын колдоосунда ишке ашууда. 

Жаңы кабыл алынган Административдик-процесстик кодекс ушул жылдын 1-июл күнүнөн тартып күчүнө кирет.

 

Добавить комментарий

вход