УКМКны оппозиция көзөмөлдөйбү?

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Коопсуздук боюнча жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуучу органдардын ишин контролдоо боюнча комитет түзүүнү сунуштап жатат. Бул туурасында коомдук талкууга чыгарылган Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорунда айтылат

Бүгүнкү күндө парламенттин курамында 9 комитет ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Улуттук коопсуздук маселелери Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин карамагында. Демилгенин автору Коопсуздук боюнча жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуучу органдардын ишин контролдоо боюнча өзүнчө комитет түзүп, анын курамына оппозициялык партиялардын депутаттарын кошууну сунуштап жатат.

«Азыркы убакта авторитардык башкаруудан демократиялык башкарууга өтүүнүн өткөөл мезгилин башынан өткөрүп жаткан өлкөлөрдө улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматтардын көпчүлүгү буга чейин репрессиялык органдар мүнөзүндө болуп келди жана мыйзам нормаларынын чегинен сырткары иштеп келе жатат. Алар бийликти бекемдөө, диссиденттерди айкындоо жана аӊдуу, алардын оппозициялык иш-аракетин нейтралдаштыруу, ошондой эле өлкө ичинде кайдыгердикти жаратуунун, анын ичинде контролдо турган массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен жаратуунун  ар кыл ыктарын издөө үчүн пайдаланылган. Атайын кызматтар бийликти кармап туруунун, ошондой эле оппонентерге жик салуунун каражаты болуп келүүдө. Ошондуктан, алар тарабынан кызматты кыянат пайдалануу жана аларды жеке саясий кызыкчылыктарга колдонуу жокко чыгарылууга тийиш.

Атайын кызматтарды репрессиялык органдан демократиялык принциптерди коргоочу жана демократиялык контролго ачык болуучу  органга кайра түзүү – айрыкча татаал милдет. Муну чечүү үчүн зарыл кадамдарды жасоо керек, алардын бири – натыйжалуу парламенттик контролду орнотуу», – деп белгилейт автор.

Өз демилгесин негиздөө максатында чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына кайрылып, И.Масалиев кийинкилерге токтолот: «Алсак, америкалык чалгын АКШ Конгресси тарабынан туруктуу контролдонот, Конгрессте бул максатта көзөмөл функцияларын жүзөгө ашыруучу  атайын комитеттер түзүлгөн. Алар финансылык жыл ичинде каражаттардын чыгымдалышын текшерет, чалгын чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтөт, жашырын операцияларды жүргүзүүнү контролдойт, президент БЧБнын (ЦРУ) директорунун жана анын биринчи орун басарынын, ошондой эле аскердик чалгындын жетекчилеринин кызмат орундарына көрсөткөн талапкерлерди бекитет, чечилишинде чалгын кызматтары орчундуу роль ойногон айрым проблемалар боюнча баяндамаларды даярдайт.

Германиянын Бундестагынын ыйгарым укуктарына атайын кызматтардын иш-аракетине контролдук кылуу кирет. Бул үчүн депутаттар атайын комитет түзөт. Анын мүчөлөрү баяндама берүү үчүн атайын кызматтардын кызматкерлерин жана өкмөт мүчөлөрүн чакырууга же болбосо алардан жазуу жүзүндө отчет талап кылууга укуктуу. Ошондой эле алар атайын кызматтардын бардык кызматтык орун-жайларына кирүүгө укугу бар».

Жаңы комитет түзүлүп калса, анда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин аталышы өзгөрүлөт жана улуттук коопсуздук маселелери толугу менен жаңы комитеттин карамагына өтөт.

Сунушталып жаткан комитеттин мүчөлөрү атайын кызматтардын оперативдүү ишине кийлигишпөөсү керек. Бирок, бул орган төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ болууга тийиш:

  • пландык жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүү жана атайын кызматтардын кызматтык орун-жайларына кирүү укугуна;
  • каражаттарды бекитилген бюджетке ылайык чыгымдоого көз салуу укугуна;
  • атайын кызматтар даярдаган ар жылдык жана башка кайсы болбосун баяндамаларды жана отчетторду алуу укугуна;
  • атайын кызматтардын иш-аракетинин мыйзамдуулугуна же адекваттуулугуна тиешеси болгон алардын ички саясатын кайра кароону жүзөгө ашырып турууга;
  • атайын кызматтардын иш-аракетин белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде, анын ичинде келип түшкөн даттануулар боюнча атайын териштирүүлөрдү жүргүзүүгө;
  • атайын кызматтардын иш-аракетинин мыйзамдуулугу маселелерине тиешеси бар отчетторго Президенттин жана Премьер-министрдин көӊүлүн бурууга ж.б.

Ал эми атайын кызматтар төмөндөгүлөрдү аткарууга милдеттүү болот:

  • жүргүзүлүп жаткан жана пландалган операциялар жөнүндө комитетке маалымдоого;
  • комитеттин өтүнүчү боюнча ага атайын кызматтардын тескөөсүндө турган кайсы болбосун маалыматтарды же документтерди берүүгө;
  • атайын кызматтар тарабынан жасалган укук ченемсиз же жаӊылыш аракеттер жөнүндө, ошондой эле алар көргөн жана көрүүгө камынып жаткан чаралар жөнүндө комитетке өз убагында баяндама берип турууга.

Cүрөт: Азаттык Үналгысы

Ой-пикир кошуу

кирүү