Соттолгондордун соттулугун президент алып салабы?

Исхак Масалиев президентке соттуулукту алып салуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуштап жатат. «Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, бүгүнкү күндө иштеп жаткан жана 2019-жылдын 1-январында күчүнө кире турган Кылмыш жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Өлкөбүздүн мыйзамдарына ылайык соттулук соттолгон жарандын арызынын негизинде сот тарабынан алынып салынат. Аталган мыйзам долбоору болсо соттолгон адам жазаны толук аткарып бүткондон кийин, соттуулугун алып салуу максатында президентке кечирим берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылуусун мүмкүн кылууга багытталган. Эгерде өтүнүч президент тарабынан канаттандырылса, анда соттуулук алынып салынат.

Балким бул демилге саясий куугунтуктун натыйжасында соттолгон жарандарга президенттин ырайымы аркылуу абактан мөөнөтүнөн эрте чыгууга жана соттуулуктан арылууга шарт түзүүгө багытталгандыр. Бирок, кечирим алуу үчүн соттолгон киши жеке өзү өтүнүч менен өлкө башчысына кайрылуусу шарт, бул болсо коомчулук тарабынан адам кылмыш боюнча күнөөсүн мойнуна алгандай сыпатталышы  мүмкүн. Ошондуктан кээ бир саясий куугунтукталгандар мындай жол менен соттуулугун алдырып салууга барбаса керек.

Ошондой эле мыйзам долбоору президентке ырайым кылуу жолу менен төмөнкүлөрдү жасаганга мүмкүнчүлүк берет:

  • жазасынын калган бөлүгүн андан ары өтөөдөн бошотууга;
  • соттолгон адамга сот дайындаган жазаны кыйла жеңилдетүүгө;
  • башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолуп, Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жаткан адамдардын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн кароого.

Аталган документ менен кеңирирээк бул жерден таанышсаңыздар болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү