Ысык аптапта иш күнүн кыскартышабы?

Учурда нормадан ашык ысык аптап маалында көпчүлүк бул суроого кызыгып жатканы маалым. ПрецедентИнфонун юристтери аба-ырайы боюнча тийиштүү нормативдик актыларды изилдеп көрүп, тилекке каршы, бул маселеге байланышкан суроолорго толук жооп ала алышкан эмес. 

Маселени такташ үчүн биз Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жана Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдык.

Иш күнүн кыскартыш үчүн, беш күн бою көлөкөдө +40 градус ысык болот деген Кыргызгидромет кызматынын далили бар расмий бидирүүсүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айтып чыгыш керек. Бир гана ушул учурда азыркы актуалдуу маселе каралат. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «ММК беттериндеги иш күнү бир саатка кыскарат деген билдирүүлөр туура эмес маалымат” – деп билдирди.

Бул маселени чечиш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги да аралашыш керек. Министрлик абанын температурасынын жогорулашы жарандардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет деген тыянак чыгарышы керек.  

КРнын Эмгек кодексине ылайык  иш берүүчү тарап эмгектенген жамаатынын ылайыктуу иштеши үчүн бардык керектүү шарттарды түзүп бериши керек экендигин билдиребиз. 

Ошол эле учурда КРнын Өкмөтү бул кырдаалды жөнгө салуу маселесин укуктук негизде чечүүсү зарыл экендигин белгилейбиз.

Ой-пикир кошуу

кирүү