Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Лейлектин Исфана шаарындагы өзү жашаган Голбо айылынан бир кадам чыкпаган Канзат Жуманова азыр Бишкекке конокко келген. Ал эки жыл мурун тигүү цехин ачып, жарашыктуу кийимдерди тигип, сатыкка коюп баштаган. Канзат менен кошо цехте майып балдардын ата-энелери да иштейт.
Кечээ Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген майып жарандардын көргөзмөсүнө Канзат да улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн заманбап кийимдерин алып келгенин айтат.
Майыптардын башын бириктирген иш-чаралар көп болсо деп тилейт Канзат. Ал көргөзмө жарманкеде башка облусттардан келген таланттуу инсандар менен таанышканын айтты. Эки жыл аралыгында Канзат башкарган тигүү цехи чоң ийгиликтерге жетишкенин Гүлмира Казакунова билдирди.
Канзат Жуманованын айтымында борбор калаага караганда алыскы райондордо майыптарга болгон мамиле башкача. Мектепке барып билим ала албаган майыптар үчүн көчөдө жүрүү да ыңгайсыз. Анткени майып өзү буту менен баса албагандыктан көп учура башкалар тарабынан басмырлаган мамилеге дуушар болушат. Ошентсе да, тигүү цехин ачып иштеткен Канзат Жуманова көп ийгиликтерге жетишкенин жердештери айтып беришти.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]