Коммерциялык уюмдан анын мүчөсүн кантип чыгарып салса болот?

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Биздин үч катышуучудан турган жоопкерчили чектелген коомубуз (ЖЧК) бар. Мага жана дагы бир катышуучуга ЖЧКанын уставдык капиталындагы 66 пайыз үлүш тийиштуу, ар бирибиздин үлүшүбүз 33 пайыздан. Ал эми үчүнчү катышуучунун үлүшү 34 пайыз жана ошол катышуучу 1,5 жылдан ашык убакыттын аралыгында ЖЧКанын жумушуна таптакыр катышпай келет. Телефону дайыма өчүк, өтө турган катышуучулардын жалпы чогулушу туурасында кат аркылуу алдын ала кабарлап келгенбиз. Бирок эч кандай жооп жок.

Ал чет өлкөдө жүргөнү туурасында жакында кошуналарынан билдик. Өзүнүн жоопкерсиздиги менен ал ЖЧКабыздын жумушуна тоскоолдук жаратып жатат. Кантип аны ЖЧКдан чыгарып салсак болот?

Биздин жооп:

Кыргыз Республикасынын «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» мыйзамынын 45-беренесинде катышуучуну коомдон чыгаруунун эки өз алдынча негиздери көрсөтүлгөн: 1) катышуучу коомго олуттуу зыян келтиргенде;  2) катышуучу коомдун башка катышуучуларына олуттуу зыян келтиргенде.

Негиз болгон учурда эмне кылуу керек?

Катышуучунун ЖЧКага болгон мамилесин туура эмес деп көргөн катышуучулар  доо арыз менен район аралык сотко кайрылуусу зарыл. Доо арыз уюмдун юридикалык дареги кайсыл административдик территорияга караштуу болсо, ошол жердин район аралык соту тарабынан каралат. Доо арызга бардык далил кагаздары тиркелет. ЖЧКнын катышуучулары жарандык иш боюнча доо деп саналышат. Жоопкер катары коомдон чыгарылып жаткан катышуучу көрсөтүлөт. Ал эми үчүнчү (кызыкдар) тарап болуп жоопкерчилиги чектелген коом өзү саналат. Сотто коомдун өкүлү катары анын аткаруучу органы (мүдүрү) катышат.

Ой-пикир кошуу

кирүү