Бөгөт коюу чараларынын бардык түрлөрү бир гана тергөө судьясы тарабынан колдонулат

Cүрөт: Pixabay 

Автор: Замир Жоошев

Жаңы Жазык-процесстик кодекс боюнча сотко чейинки өндүрүш учурунда бөгөт коюу чараларынын бардык түрлөрү бир гана тергөө судьясы тарабынан колдонулат.

Бөгөт коюу чараларынын түрлөрү төмөнкүлөр:

– башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу;

– аскер бөлүгүнүн командачылыгынын көзөмөлдөөсүнө берүү;

– жашы жете электи ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү;

– күрөө алуу;

– үй камагы;

– камакка алуу.

Байкаганыныздай эле бөгөт коюу чараларынын тизмесинен жеке кепилдик алынып салынган. Себеби кепил болуп жаткан адам канчалык денгээлде шектүүнүнүн туура жүрүм-турумун камсыздап берүүгө мүмкүнчүлүгү бар – муну мыйзам менен аныктоого болбойт. Ошондой эле практикада жеке кепилдикти колдонуу өтө эле сейрек кездешет.

Бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылчылыгы жөнүндө маселени чечүүдө, анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы башка жагдайлар менен катар шектенүүнүн негиздүүлүгүн эске алышы керектиги жаңы Жазык-процесстик кодекстеги дагы бир маанилүү норма (ЖПКнин 109-статьясынын 1-болүгү).

Эми бөгөт коюу чарасын колдонуу туурасында өтүнүч менен тергөө судьясына прокурор кайрылат, ал эми тергөөчү мындай укукка ээ эмес жана ал бөгөт коюу чарасын тандоодогу сот отурумуна катышпайт.

Өтүнүчтүн негиздүү экенин далилдеген документтер тиркелген  анын көчүрмөсү прокурор тарабынан шектүүгө, айыпкерге, анын коргоочусуна өтүнүчтү тергөө судьясына бергенге чейин 3 саат калгандан кеч эмес тапшырылат.

Бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүч шектүүнү, айыпкерди кармоонун орду боюнча материалдарды сотко берген учурдан тартып 2 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан шектүүнүн, айыпкердин, прокурордун, коргоочунун катышуусу менен каралууга жатат.

Прокурордун кайрылуусун карап чыгып, тергөө судьясы кийинки токтомдордун бирин чыгарат:

  • шектүүгө карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө;
  • прокурордун өтүнүчүн канаттандыруудан баш тартып, шектүүгө карата башка бөгөт коюу чарасын колдонуу туурасында.

Ой-пикир кошуу

кирүү