Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Автор: Замир Жоошев
Жаңы Жазык кодексинде боорукердиктен киши өлтүрүү (эвтаназия) үчүн жоопкерчилик каралган. Мындай кылмыш үчүн күнөөлүү деп таанылган адам эки жыл алты айга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат, башкача айтканда бул кылмыш анча оор эмес кылмыштарга кирет.
Жаңы Жазык кодексинин 134-беренесине ылайык киши өлтүрүү боорукердиктен улам жасалган деп таанылат, эгерде:
Мындай кылмышты жасаганы үчүн жашы 16га толгон адамды гана жоопкерчиликке тартса болот.
Кыргыз Республикасынын эски Жазык кодексине ылайык боорукердиктен киши өлтүрүү (эвтаназия) кадимки адам өлтүрүү болуп саналчу жана өтө оор кылмыштардын катарына кирчү.
Дүйнөнүн кайсыл өлкөлөрүнүн мыйзамдары эвтаназияга уруксат берет?
Дүйнөнүн Нидерландия, Швейцария, Бельгия, Люксембург деген өлкөлөрүндө, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын төрт штатында эвтаназия мыйзамдаштырылган. Аталган өлкөлөрдө боорукердиктен киши өлтүрүүгө төмөнкү шарттар сакталган учурда жол берилет: пациент айыкпас дарттын айынан кыйналып жана анын айыгуусуна таптакыр мүмкүнчүлүк жок болуусу зарыл. Ошондой эле ал киши акыл-эси иштеп жаткан абалда туруп, өлгүсү келгенин айтып, аны өлтүрүүсүн көп ирет кайра-кайра сурашы керек.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]