Күбөнүн жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлөө деген эмне?

Автор: Замир Жоошев

Сотко чейинки өндүрүштө далилдерди алдын ала камсыз кылуу (сактоо) максатында, тергөө судьясы кийин суракка алуу мүмкүн болбогон күбөнү же жабырлануучу суракка алуусу – депонирлөө деп аталат.

Төмөнкүлөрдүн негизинде жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө мүмкүн болот:

  1. Жабырлануучуну, күбөнү кечиктирип суракка алуу алардын жашоосу жана ден соолугу үчүн коркунучка, катуу оорушуна, алардын алдыда боло турган чет жакка чыгуусуна же Кыргыз Республикасынын аймагынан чет жакта туруктуу жашап турушуна байланышкан объективдүү себептерден улам мүмкүн болбобогон учурларда, мындай күбө тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан суракка алынышы мүмкүн;
  2. Жактоочунун жана жактоо тарабындагы башка катышуучулардын өтүнүчү боюнча;
  3. Суракка алуунун жүрүшүндө жашы жете элек жабырлануучуларга жана күбөлөргө психикалык жаракат келтирүүчү таасир көрсөтүүгө жол бербөө максатында алардын мыйзамдуу өкүлүнүн, жактоочусунун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан алар суракка алынып, алардын көрсөтмөлөрү депонирлениши мүмкүн.

Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу депонирлөө жөнүндө өтүнгөн адамдардын катышуусунда соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан жүргүзүлөт. Бул боюнча соттун катчысы сот отурумунун протоколун толтурат жана сот отуруму аяктаган соң протокол тергөө органына жиберилип, иш материалдарына жалпыланат.

Депонирлөө жолу менен суракка алынган жабырлануучу жана күбө кайрадан сот отурумуна чакырылбайт. Бирок алардын көрсөтмөлөрүн тактоо зарылчылыгы келип чыккан учурда күбо менен жабырлануучуну кайра сотко чакырууга жол берилет.

Ой-пикир кошуу

кирүү