Өлкөгө накта акчалай кандай сумманы декларацияда белгилебестен алып кирүүгө болот?

Сүрөтү: Sputnik

Автор: Эдил Эралиев

Суроо: Мен Кыргызстанга накта акчалай кандай сумманы декларацияда көрсөтпөй эле алып кире аламын?

Жооп: ЕврАзия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 260-беренесине (жекече пайдалануу товарларын бажыканада декларациялоо) ылайык:

эгерде накталай акча каражаттарынын жана (же) жол дүмүрчөктөрүнүн жалпы суммасы аларды Биримдиктин бажы аймагына бир эле убакытта алып киргенде же Биримдиктин бажы аймагынан бир эле убакытта алып чыкканда, жүргүнчүнүн бажы декларациясы бажы органына көрсөтүлгөн күнгө карата колдонуудагы валюталар курсу боюнча 10 миң АКШ долларга барабар келген суммадан ашса, ошол накталай акча каражаттары жана (же) жол дүмүрчөктөрү бажыкана декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш.

Демек, ЕАЭБ Бажы кодексинин жогоруда аталган беренесинин талаптарына ылайык, эгерде накталай акча каражаттарыңыз бажы органына бажы декларациясы көрсөтүлө турган күнгө карата колдонуудагы валюталар курсу боюнча 10 миң АКШ долларга барабар келген суммадан ашпаса, сиз ошол накталай акча каражаттарды бажыкана декларациясында көрсөтпөй эле өлкөгө алып кире аласыз.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү