Конституциялык палатада: адвокат кесибине кайтканда…

Автор Бекболот Касаболотов

Мурда адвокаттык лицензиядан ажыратылган жаран аны кайрадан алса болобу?

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Кыргызстандын жараны Марат Токтоматовдун, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык ишмердик жөнүндө» Мыйзамдагы адвокаттык ишмердикке укук берген лицензиядан мурда ажыратылган жаран аны кайрадан алууга болбостугун белгилеген жобонун Конституцияга ылайык келишин текшерүү тууралуу өтүнүчүн карап чыкты.

Өзүнүн кайрылуусунда арызданып жаткан тарап, аталган Мыйзамдын талашка коюлган жобосу жарандардын экономикалык эркиндикке, өз жөндөмдөрү менен өз мүлкүн мыйзам тыюу салбаган экономикалык ишмердикте эркин колдонуу укугунан пайдаланууга тоскоолдук кылып жаткандыгын белгилеген.

Ушуга байланыштуу арыздануучу Баш мыйзамдын, ар кимдин эмгек эркиндигине, өзүнүн эмгекке болгон жөндөмдөрүн жүзөгө ашырууга, кесибин жана жумушун тандоого болгон укуктарынан пайдалануу каралган.

Мындан тышкары, жыйында чыгып сүйлөгөн жаран Токтоматов жана анын өкүлү Руслан Төрөев адвокаттык ишмердикке жолотпой коюунун башка негиздерине салыштырмалуу, каралып жаткан жобонун дискриминациялык мүнөзүн көрсөткөн. Мындай билдирүүнү негиздөө үчүн кайрылып жаткан тарап салыштыруу жасаган. Алсак,

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык ишмердик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, жасаган тартипсиздик жоругуна байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан кетирилген жаран кызматынан бошотулган күндөн тартып бир жыл бою, ал эми 5-пунктка ылайык – судья кызматынан жүрүш-турушу кынтыксыз болбой калгандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган жаран ошол учурдан тартып бир жыл бою лицензия ала албайт. Салыштыруунун натыйжасында алар, сөз кылынып жаткан жобо мурда лицензиясы тартып алынган жарандар бул документти кайрадан алуу укугунан өмүр бою ажыратылып жатса, жогоруда аталган кишилер үчүн мындай сыяктуу чектөө болгону бир гана жылдык мөөнөткө каралууда деген жыйынтыкка келген.

Жоопкердин, демек, Жогорку Кеңештин, өкүлү мындай жүйөлөргө макул болбоду да, талашка коюлган жобо Конституцияга карама-каршы келбегендигин жана жарандардын укуктарын чектебей жаткандыгын белгиледи.

Ишти караган Конституциялык палатанын Судьялар коллегиясы, тараптардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы эле адвокаттык ишмердиктин мааниси, адвокаттар көрсөтүп жаткан кызматтардын сапаты, ошондой эле жарандардын адвокат кесибине болгон кол жетерлиги укуктарын чектөөнүн ченемдиги сыяктуу маселелерди көтөрдү.

Адвокаттык ишмердиктин маанисин эң бийик деңгээлде таанып, кайрылып жаткан тарап талашка коюлган жобонун ченемден чыгып кеткендигин баса белгилеп, өз айтканынан кайтпады, ал эми жоопкердин өкүлү болгон айым карама-каршы көз карашын айтып жатты.

Бул ишти кароого катышуу үчүн сот жыйынына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Адилет министрлигинин, Башкы прокуратура менен Адвокатуранын өкүлдөрү чакырылган эле.

Мамлекеттик органдардын каралып жаткан маселеге карата ой-пикирлери ар түрдүү болду. Мисалы, Президенттин Аппаратынын жыйында чыгып сүйлөгөн айым өкүлү талашка коюлган жобонун деги эле болгондугу адвокат кесибине коюлган талаптардын бийик экендиги менен негиздеди. Ошол эле учурда ал жерүү (дискриминация) жагдайынын бар экендигине күмөн санаганын билдирди, бирок судьялардын тактоочу суроолоруна жооп берип жатып, жарандардын адвокат кесибине болгон кол жетерлиги укуктарын чектөөнүн башка негиздерине караганда,  ушул жагдайда укукту жерүү бар деген жыйынтыкка келди.

Башкы прокуратуранын өкүлү Улан Айтбаев байкагандай, тийиштүү берененин талашка коюлган жобосу Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы үчүн адвокаттарга коюла турган талаптарды белгилөө жаатындагы укуктук мүмкүнчүлүк болуп саналат. Ал ошондой эле, жасаган тартипсиздик жоругуна байланыштуу мурда укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан кетирилген, судья кызматынан жүрүш-турушу кынтыксыз болбой калгандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган, ошондой эле мурда соттолуп, соттолгондугу алып ташталган жана жоюлган жарандарды адвокат кесибине кайрадан жолотуу тартибин салыштырып берген. Анын ой-пикиринче, аталган жарандарды укуктук жактан актоо адвокаттык кесипке жолотуу шарттарынын теңсиздигин пайда кылып, ал эми талашка коюлган жобо ченемсиз жана адилетсиз болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана Адилет министрлигинин өкүлдөрү болсо башка ой-пикир билдирип, бул жаатта эч кандай чектөөлөр жана жериш жок деген жүйө туткан. Айрыкча Адилет министрлигинин өкүлү сот адилеттиги менен мурда адвокаттык лицензиядан ажыратылган жаранга аны кайрадан берүүнүн маселелери бири-бирине сыйышпас экендигин баса белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов бул мекеменин өз алдынча башкарылып жаткан кесиптик шериктештин эркиндигин жана өз алдынчалыгын бир нече жолу баса белгилеп, анын курамында жактоочулардын үстүнөн келип жаткан даттанууларды карай турган Адеп-ахлак боюнча комиссия бар экендигин айткан. Ал, лицензиядан ажыратуу – бул эң чукул чара экендигин билдирген. Ал эми Адвокатуранын дагы бир өкүлү – Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Эдуард Ли, – учурдагы дискриминация жагымдуу экенин жана аны жарандардын укуктарын чектөө катары баалап болбойт деп кошумчалады. Анын оюнча, бул маселеде кимдир бирөөнүн укуктарын жерүү (дискриминация) болушу мүмкүн эмес, анткени салыштырылып жаткан тараптар мурда адвокат эмес эле, ошондуктан алар мурда адвокаттык ишмердиктин талаптарын бузган эмес жана лицензиясынан ажыратылган эмес.

Тараптардын ой-пикирлерин угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашка коюлган жобону конституциялык эмес деп тапты.

Ой-пикир кошуу

кирүү