Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Сүрөт: Pixabay
Автор: Жибек Кенжебекова
Унаа каражаттарынын, турак жайлардын жана жер чектеринин ээлеринде тийиштүү салыктарды төлөө үчүн саналган гана күн калды
Жеке жана юридикалык жактар:
Ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына карата алына турган (өз алдынча башкарыла турган машиналар жана механизмдерди кошкондо) салык төлөөгө тийиш;
Устүбүздөгү жылдын 2-сентябрына чейин – туруктуу жана убактылуу жашоого багытталган, ишкердик максатта пайдаланылбаган батирлерге, турак жайларга, дачаларга карата; шаарлар менен айыл аймактарында жарандарга берилген үйлөр менен кожолуктарга жанаша жана там аркалар, бактар жайгашкан жер тилкелерине карата алына турган салык төлөөгө тийиш.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жогоруда аталган мүлктүн ээлерин калган кыска убакытты текке кетирбестен жана убакытты ызы-чуу кырдаалда банктарда кезекке туруп коротуу менен салык төлөөнү соңку күнгө калтырбастан, алдын ала жана сарамжал пайдаланууга чакырат.
Салык мекемеси ошондой эле жарандар өзүнө эң ыңгайлуу төлөө ыкмасын тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин да эске салат. Акчаны сиз өзүңүз каалаган банк мекемеси, почта бөлүмү, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана Интернет-банкиң аркылуу төгүп койсоңуз болот.
Салык өлчөмүн кантип өз алдынча эсептеп чыгуу мүмкүн?
Сиз электрондук калькуляторду пайдалансаңыз болот, бул максатта:
Мында баса белгилеп кетчү дагы бир нерсе, үстүбүздөгү жылдан тартып салык төлөөчүлөр, мурдагыдай алар салык өлчөмүн кандай жол менен, кантип так эсептеп чыккандыгын көрсөткөн эсеп-кысап маалыматтарды салык органдарына тапшырууга милдеттүү болбой калышты.
Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык: «Белгиленген мөөнөттө бирдиктүү салык декларациясын көрсөтпөө же салыкты төлөбөй коюу үчүн эскертүү берилет же 1-категориядагы жазана коюлат»; тагыраак айтканда, андай жазана жеке жактар үчүн 1 миң сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом өлчөмүн түзөт.
Толугураак маалыматты жергиликтүү салык органдарында, ошондой эле МСКнын байланыш борборунун 1240 кыска телефон номери аркылуу же www.sti.gov.kg Интернет-сайтынан билип алсаңыз болот.
Өтүнүч, ушул маалыматтан урук-туугандарыңыз, тааныган-билген кишилериңиз менен да бөлүшүп коюңуз, анткени бул маалымат бүтүндөй калайык-калк үчүн өтө маанилүү.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]