Мамлекеттик сатып алуулар системасына жаңы эрежелерди сунушташууда

Автор: Эдил Эралиев

Сүрөт: Pixabay

Экономика жана финансы Министрлиги мамлекеттик сатып алууларды электрондук сатуу аянтчалары аркылуу өткөрүүнү сунуштоодо, ал эми учурдагы мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымат-аналитикалык база болот бирок, ал жакта кандай маалымат камтылуусу белгисиз.

Экономика жана финансы Министрлигинин демилгеси сатып алуулардын планы, талдоо протоколу, сатып алуулар процедурасынын протоколу жана сатып алуулар тууралуу (келишимдердин) жыйынтыктары сыяктуу өткөрүлүүчү сатып алуулар жөнүндөгү бардык  маалыматтар бир гана электрондук аянтчаларга жайгаштырылып, жана акыркылары жеткирип берүүчү жана сатып алуучу уюмдардын маалыматтарынын купуялуулугун камсыздоосуна багытталгандыгын түшүнүү абзел. Анда кандай мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы жөнүндө сөз болууда?

Андан да артыгы, сатуу аянтчаларындагы сатып алуулардын жыйынтыктарына даттануулар акылуу болот жана бул абдан эле өкүнүчтүүсү эмес. Жеткирип берүүчүнүн даттануусун карап чыгуусу керек болгон жана ал боюнча чечим кабыл алган комиссия конкурстук документацияларга мүмкүндүк ала албайт. Эгерде жеткирип берүүчүнүн даттануусу негиздүү болсо гана демилгечилер конкурстук документтерге мүмкүндүк ачып берүүсүн комиссия мүчөлөрүнө сунуштап жатышат бирок, комиссия конкурстук документацияларды үйрөнүп чыкпай туруп, кантип даттануу негиздүү экенин аныктайт? Сатуу аянтчасынын оператору жеткирип берүүчүнүн даттануусун чече турган  же чечпей турган болобу? Парадокс экени туура да?

Эң эле таң калыштуусу, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү жарыяларды сатуу аянтчаларына жайгаштыруу сатып алуучу уюмдарга акысыз болот. Анчейин түшүнүктүү эмес, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү жарыяларды сатуу аянтчаларына акысыз жайгаштыруудан кандай маани бар? Чынында эле, алар муну патриоттук максаттарда, улуттук кызыкчылыктар үчүн кылабы?

Ошондой эле таң калыштуусу, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы менен сатуу аянтчаларынын интеграциясы кандай каражаттарга өткөрүлөт? Веб-сервистердин ойдогудай иштөөсүн камсыздоо үчүн кошумча сервердик күчтөрдү алууга кетчү чыгымдардын ордун ким жаба турган болот? Чынында эле, бул чыгымдарды да сатуу аянтчалары өздөрүнө алабы?

Бааларды төмөндөтүү үчүн сатып алуулардын ыкмасын онлайн-аукционго алмаштыруу дагы бир өзгөртүүлөрдөн болуп саналат. Тилекке каршы, анчейин түшүнүксүз, бул ыкма кандай негизде иштейт, негиздөө-аныктамасында айтылат: онлайн-аукцион сатуу аянтчасында, ошондой эле баштапкы баалардын улам төмөндөөсү менен чыныгы убакыттагы мамлекеттик сатып алуулардын порталы аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн. Муну менен мыйзам долбоору онлайн-аукцион өткөрүү үчүн аянтча катары сатып алуулардын порталын четке кагат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери келтирилген өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын принциптерин жана максаттарын сактоону камыздоого багытталгандыгын негиздөө-аныктамасына жазышат.

Анда мыйзамдын негизги принциптери катары төмөнкүлөр болот:

– Публикалык, ачыктык, жеткирип берүүчүлөргө (подрядчиктер) карата мыйзамдуулук жана калыстык;

– Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу процессинде жеткирип берүүчүлөр (подрядчиктер) арасында катышууну кеңейтүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү;

– Мамалекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жеткирип берүүчүлөргө (подрядчиктерге) бирдей жана адилеттүү шарттарды жаратуу.

Мүмкүн авторлордун мыйзамында максаттар жана принциптер башка…

Эгер олуттуу караганда, бардык сатып алууларды электрондук сатуу аянтчаларына которуу олуттуу коррупциялык натыйжаларга алып келиши мүмкүн,бул атаандаштыктын өнүгүүсүн, сатып алуулардын ачыктыгы мониторингин чектейт. Төмөндө мүмкүн боло турчу тобокелдиктер, ошону менен коррупциялыктар да:

– Сатып алуулар боюнча маалыматтардын купуялуулугун бузуу;

– Жалпысынан маалыматтык коопсуздук, кызыкдар жактарга белгилүү акыга маалыматтардагы боштуктардын мүмкүндүгү менен электрондук аянтчаларынын ээлери тарабынан (операторлор жана жеткирип берүүчүлөрдүн сүйлөшүүлөрү) баалар сунуштарын мөөнөтүнөң мурда көрүү мүмкүнчүлүгү.

– Өткөрүлүүчү конкурска бир чекиттин жоктугу. Өз кезегинде, бул алынган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын көтөрүүсү мүмкүн болгон атаандаштыктын төмөндөшүнө алып келет;

– Көптөгөн жеткиликтүү өткөрүлө турчу конкурстарга көзөмөлдөө жана мониторинг функцияларынын кыйынчылыгы.

– Мамлекеттик сатып алуулардын айкындыгы жана ачыктыгынын төмөндөшү, бизнес жана жарандык коом тараптарынан ишенимдин түшүүсүнө туура келет.

– Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системада бир нече аянтчаларга бөлүнүүсү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана анализдөө кыйынчылыгы, маалыматтарды алмаштыруу үчүн веб-сервистердин иштебей калуу ыктымалдуулугу.

Эгерде конкреттүү мисалда көрсөтсө, анда элестетиңиз, чектелген конкуренциянын айынан ачыктык жок болуп, көптөгөн сатып алуучу уюмдар муну пайдаланышат жана жашоого керек дарылык каражаттардын баалары бирден көтөрүлөт. Сиздер билгендей, пандемия мезгилинде баалар жасалма көтөрүлдү, мында да ушундай эле абал бир гана дарылар менен эмес, бардык сатып алуулар менен болушу мүмкүн.

Жеке сатуу аянтчаларын өнүктүрүү идеясы бизнестин өзүнчө багыты катары – бул жакшы сунуш, бирок бул үчүн эмнеге бардык мамлекеттик сатып алууларды жеке жактарга өткөрүп берүү керек? Мүмкүн башталышына, жок дегенде онлайн-аукцион аянтчаларына өткөрүп берүүгө аракет кылуу керекпи? Негиздөө-аныктамасында айтылат, сатуу аянтчаларына киришүү – бул Евразиялык экономикалык биримдиктин талабы, бирок ЕАЭБнын документтеринде электрондук сатып алууларды жана аукциондорду өнүктүрүү жөнүндө айтылган, бирок ал жакта жеке сатуу аянтчаларында мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүгө талаптар жок.

Ой-пикир кошуу

кирүү