Автор: Бекболот Касаболотов

Иллюстрация: Алина Печенкина

Шайлоо алдындагы жарыштын кызуу учурунда абийирсиз талапкерлер добуштарга ээ болуу максатында шайлоочуларды акча каражатынын белгилүү бир суммасына сатып алууга аракет кылган жагдайларды кѳп эле кездештирип жүрѳбүз. Мында талап кылынган нерсе – паспорттун кѳчүрмѳсүн жана аталган талапкерге добушун берүү. Бул материалда эмне үчүн акчалай пайданы жогору коюп, добушуӊуз үчүн пара сунуш кылган жана жеке маалыматтарыӊызга ээ болууну кѳздѳгѳн шектүү адамдарга паспорттук маалыматтарды бербеш керек экендиги тууралуу баяндайбыз.

Алгач, талапкердин добуштарды сатып алуусу гана эмес, шайлоочунун добушу үчүн акча каражатын жана материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн дагы жоопкерчилик каралганын эскерте кетмекчибиз. Мыйзам бузуулар кодексине ылайык, добуштарды сатып алуу үчүн 220 000 сомго чейин айыппул тѳлѳнѳт, ал эми добуш сатып алган кишинин же ѳкүлдѳрүнүн пайдасына шайлоочу добушун сатып, акча же материалдык баалуулук түрүндѳ сыйакы алган адам 1 000 сом ѳлчѳмүндѳ айыппул тѳлѳѳгѳ милдеттүү.   

Дагы бир эскерте кетчү нерсе, эгер жаран акча алгандыгы тууралуу ѳз эрки менен билдирген болсо, анда ал мындай жоопкерчиликтен бошотулат.  

Добуш сатып алуу жана добушун сатуу боюнча бардыгы түшүнүктүү болсо, паспорттук маалыматтардын берилишине ѳтѳлү. Эмнелерди билиш керек:

  • паспорттогу маалыматтар жеке мүнѳздѳгү маалыматтарга кирет, тактап айтканда алар аркылуу сиздин ѳздүгүӊүздү идентификациялоо мүмкүн;
  • бул маалыматтарды алуу үчүн сиздин жазуу жүзүндѳгү макулдугуӊуз берилиши керек;
  • сиз маалыматтарды чогултуунун максатын билүүгѳ укуктуусуз;
  • сиз ѳзүӊүздүн жеке маалыматтарыӊызды берүүдѳн баш тартууга укуктуусуз;
  • эгерде макулдугуӊузду берген болсоӊуз, каалаган учурда аны артка алып, маалыматтарды ѳчүрүп коюуларын талап кыла аласыз;
  • шайлоо процессинде паспорт сиздин ѳздүгүӊүздү аныктоо жана шайлоо бюллетендерине алмаштыра турган чекти берүү үчүн талап кылынат. Мындан тышкары, паспорттук маалыматтар шайлоо комиссияларына арыз, кайрылуу, даттануу берген учурда зарыл;
  • сиздин паспорттук маалыматтарыӊызды колдонуп, арам ойлуулар кылмыш жоруктарын аткарышы мүмкүн, маселен, сизди «жалган» жетекчи катары кѳрсѳтүп, «жалгама» юридикалык жактарды түзүү аркылуу алдамчылык же акчанын изин жашыруу боюнча иш-аракеттер менен алектениши ыктымал.

Андыктан ѳзүӊүздүн паспорттук маалыматтарыӊызга абайлап мамиле кылыӊыз жана шайлоо кампаниясынын учурунда материалдык пайда табам деген ой менен паспортуӊузду шектүү адамдарга берүүдѳн мурун жакшылап ойлонуӊуз. Себеби, кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери сиздин «тынчыӊызды алып» калышы мүмкүн деген коркунуч бар.  

Ой-пикир кошуу

кирүү