Автор: Бермет Джаныкулова

Сүрѳт: Алина Печенкина

Күн сайын жарандардын жеке маалыматтары топтолуп, башкаларга ѳткѳрүлүп,  иштелип чыгып жана сакталып турат. Бул процесстердин баарында жеке маалыматтар боюнча мыйзамдар сакталууга тийиш. Биздин бир жаран ѳзүнүн макулдугу жок жана ага билдирүүсүз жеке маалыматтарынын башкаларга ѳткѳрүлүп берилген учурга кабылган.  

Жарандык активист Александр Паленый О! уюлдук оператору тарабынан керектѳѳчүлѳрдүн укуктары бузулуп жаткандыгын белгилеп, мамлекеттик органдарга жана уюлдук оператордун ѳзүнѳ бир нече жолу кайрылган.  

Бир жолу Александрга белгисиз номерден чалып, О! операторунан кат келгенин айтып, сыртка чыгуусун ѳтүнүшкѳн. Активист кезектеги кайрылуусуна жооп келгендигин ойлоп, сыртка чыкканда, чындыгында эле ошондой экен. Россиялык франшиза боюнча иштеген жергиликтүү курьердик кызматтын кызматкери катты тапшырып, аны алгандыгын ырастоо үчүн фирмалык бланкка кол коюп берүүсүн ѳтүнгѳн. Мындан тышкары, активист ѳзүнүн ФАА жана телефон номери сыяктуу жеке маалыматтары курьердик кызматтын фирмалык бланкында түздѳн-түз кѳрсѳтүлгѳнүн байкаган.

Александр оператордун ѳкүлдѳрү анын макулдугун албай туруп, жеке маалыматтарын үчүнчү жакка бергени үчүн нааразы болуп, бул мыйзам бузуу тууралуу укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.  

1

Жогоруда О! уюлдук оператору тарабынан мыйзам бузуу фактысы болгонбу?

Мунун так жообун сот бере алат.  «Жеке мүнѳздѳгү маалымат жѳнүндѳ» Мыйзамга ылайык, жеке маалыматтарды топтоо, сактоо жана алар менен башка иш-аракеттерди аткаруу жеке маалыматтардын ээсинин жазуу жүзүндѳгү макулдугунун негизинде гана ишке ашырылат.  

Ар бир жаран ѳзүнүн жеке маалыматтары эмне максатта топтолорун жана колдонула турганын билүүгѳ укуктуу, ал эми О! уюлдук оператору бул эрежени сактоого милдеттүү эле. Мисалы, гипермаркеттин кардарларынын анкеталарынан бонустарды берүү үчүн топтолгон жеке маалыматтар бир гана бонустарды берүү максатында колдонулууга тийиш. Эгерде башка бир максат пайда болсо, анда кардардан ѳзүнчѳ макулдук алынышы керек. Сүйүктүү дүкѳнү кардардын уруксаты жок эле анын ФАА жана телефон номери сыяктуу жеке маалыматтарын башка жакка, маселен, ѳкүлдѳрү улам чалып, арзандатуу менен косметика топтомун сатып алуусун сунуштай берген Орифлейм компаниясына берип коюшу эч кимге жакпаса керек.  

2

Жеке маалыматтар жѳнүндѳ мыйзамда

кандайдыр бир бѳтѳнчѳлүктѳр барбы жана байланыш маалыматтарынын 

курьердик кызматка берилиши боюнча учур аларга туура келеби?

Бөтөнчөлүктөр бар, бирок туура келбейт. Жеке маалыматтар жѳнүндѳ мыйзамдын 24-беренесинде тѳмѳнкү учурларда гана макулдукту албай туруп, жеке маалыматтарды башка жактарга берүүгѳ уруксат бериле тургандыгы айтылат:

–  жеке маалымат субъектинин кызыкчылыгын  коргоо  үчүн  өтө  зарыл болгон учурда;

– мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзүн ѳзү башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча,  эгерде суралып жаткан жеке маалыматтардын тизмеси сурап жаткан органдын ыйгарым укугуна ылайык келсе;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде.

Мыйзам мамлекеттик органдар менен компанияларды субъектилердин жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга ѳткѳрүп берүүдѳ аларга бул тууралуу бир жумалык мѳѳнѳт ичинде ар кандай формада билдирүүгѳ милдеттендирет. Александрдын айтуусу боюнча, мобилдик оператор анын макулдугун да алган эмес, жеке маалыматтарын курьердик кызматка бергенден кийин бул тууралуу ѳзүнѳ кабарлаган да эмес.

3

Бул жѳн гана жеткирип берүү да!

Мындай болбогон нерсе үчүн арыз жазуунун кереги барбы?

Биринчиден, бул болбогон нерсе эмес, мыйзам бузуу болуп саналат. Экинчиден, жеке маалыматтарга жеӊил ойлуулук менен мамиле кылууга болбойт. Александар балким бирдиктүү курьердик кызматтын маалымат базасына кирип калды, ал эми бул жерде жеке маалыматтарды транс чек аралык өткөрүп берүү маселеси турат жана ага көптөгөн потенциалдуу спамдар келиши мүмкүн. Бул болсо анын коопсуздугуна таасир этип, алдамчылык мүнѳздѳгү коркунучтар кошулуп, ар кандай коркунучтарга жол ачышы ыктымал. Ѳзүнүн жеке маалыматтарына кѳзѳмѳл жүргүзүлбѳгѳн учурда кооптуу жана оор кесепеттердин келип чыгышын күтсѳ болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү