Жаңы кодекстер жана аларга жетүү: Башкы прокуратуранын оригиналдуу (эмес) жообу

Автор: Бермет Джаныкулова

Сүрѳт: Алина Печенкина

Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө Кыргызстандагыдай эле  мындай укук мыйзамдык түрдө жана конституциялык деңгээлде бекитилген, ошондой эле жарандардын аны толук кандуу ишке ашыруусу мамлекеттик органдарга  милдеттендирилет. Маалыматтарга жетүү көйгөйүнө «Прецедент» өнөктөштүк тобу туш болгон, бул тууралуу төмөнкү материалда кененирээк айтылат.  

2021-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-процессуалдык кодекске жана Кылмыш-жаза кодекстерин ишке киргизүү жөнүндө Мыйзамга Президент тарабынан 2021-жылдын 28-октябрында эле кол коюлганы тууралуу жаңылык чыккан.  

Жаңы кодекстерди Башкы прокуратура демилгелеген. Андан мурдараак “Прецедент” өнөктөштүк тобу толукталып кайра иштелген, Президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн кодекстердин тексттерин  сураган. Мыйзам чыгаруу процессинин бүткүл аралыгында коомчулук ага катышууга болгон өз укугун толук кандуу ишке ашыра алган жок, мамлекеттик органдар жарандар менен көӊүлдөнбөстөн  өз ара аракеттешип, процессти тездетүүгө шашылышты.

Башкы прокуратура тексттерди берүүдөн баш тартып, ага төмөнкүдөй жүйө келтирген:

“Азыркы учурда Сиздер сурап жаткан Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык кодекстер жана Укук бузуулар жөнүндө кодекс Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан толукталып иштелип чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлгөн, ага байланыштуу, толук бүткөн акыркы варианттарын берүү мүмкүнчүлүгү жок.”

Бул кырдаалды Маалыматка жетүү жөнүндө Мыйзамдын призмасы аркылуу карап көрөлү. Аталган мыйзам бардык мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын алардын кармагындагы маалыматтарды жарандардын сурамы боюнча берүүгө милдеттендирет.  

Эгер суралып жаткан маалыматтарга жетүү мыйзам тарабынан чектелсе, же сурам туура эмес түзүлсө (Жетүү жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөн маанилүү маалыматтар, мисалы, ААА, байланыш телефондору ж.б. көрсөтүлбөсө) же болбосо сурам борбордук же ведомствонун алдындагы орган тарабынан каралып жатса, ошондой эле органда андай маалыматтар жок болсо, мамлекеттик органдар маалымат берүүдөн баш тарта алышат.  

Бирок бул учурда Башкы прокуратуранын маалымат берүүдөн баш тартуусу жетүү чектелген маалыматтардын тизмесине туура келбейт, анда кодекстердин акыркы долбоорлору жок деп айтууга болбойт. Азыркы учурда документтердин тексттери электрондук түзүлүштөргө терилип, электрондук ташуучулар аркылуу берилгенин, демек, көп сандагы көчүрмөлөрү болорун ишенимдүү түрдө эле айта алабыз. Бирок Башкы прокуратурага байланыштуу жагдайды карасак, анын жообунан улам, кодекстердин тексттери терүүчү машинкада  терилип, бирден эле экземплярда болгон жана алар Президенттин кол коюусуна берилгенби деген ой келет.  

Мамлекеттик органдын минтип баш тартуусу Жетүү жөнүндө мыйзамды бузуп, Кыргыз Республикасында жарандардын укуктары сакталбагандыктын кезектеги мисалы болуп эсептелеринде шек жок. 

Ой-пикир кошуу

кирүү