Бүжет деген – бул мамлекеттин, ишкананын же кай бир жеке кишинин белгилүү бир мөөнөткө карата болгон киреше жана чыгаша жадыбалы.
Мына ушуну, бүжетти мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселе-максаттарын каржылоо жактан камсыз кылууга багытталган акчалай каражаттардын пайда болушунун жана сарпталышынын түрү катары аныктаган бүжеттик кодекс чагылдырат.
Демек, бүжет билим берүү, медицина, социалдык камсыздоо, коопсуздук жана ар түрдүү башка тармактарда көптөгөн милдеттерди аткарган мамлекеттин күнүмкү эле турмушу үчүн керек.
Бүжетти оңойрок түшүнүү үчүн, адегенде анын долбоору менен таанышып чыгуу кажет. Аны мына бул шилтеме аркылуу табууга болот.
Мыйзам долбоорун ачып көрсөңүз, анда 2020-жылга карата бүжеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, дефициттин чектелген өлчөмүн, чегерүүлөр нормативдерин, эмгек акынын эң аз өлчөмүн жана башкаларды көрүүгө болот.
Бүжет долбоору менен таанышкан учурда өзүңүз байкагандай, ал кирешелер менен чыгымдарды камтыйт. Булардын биринчиси салыктар, салыктык эмес төлөмдөр, мүчөлүк же кирүү төлөөлөр, чегерүүлөр жана жыйымдар, ошондой эле алынган трансферттер түрүндө келип түшкөң акчаны камтыйт.
Конституция ар бир жаранды салыктар менен жыйымдарды төлөөгө милдеттендирет. Мамлекет менен жарандардын ортосундагы коомдук келишимге ылайык, мамлекет коомдогу тартипти камсыз кылып, ар бир киши жөнүндө камкордук көрөт да, жарандар бул үчүн салыктарды төлөйт.
Бүжеттик кодекс боюнча, «салыктык кирешелер» деген түшүнүк салык жана бажы мыйзамдарында каралган бардык салыктарды, жыйымдарды жана чегерүүлөрдү, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды бузгандык үчүн үстүнө кошуп эсептелген пайыздарды, үстөктөрдү жана жаза акыларын камтыйт.
Деги эле, ар бир салык төлөөчү бүжеттин киреше бөлүгүн түзүүгө тиешеси бар болгондуктан, ал анын акчасы кантип жана кандай максатта сарпталып жаткандыгын билүүгө толук укуктуу. Бирок иш жүзүндө жарандар же аны билүү жолдорун билбейт, же салыктардын өлчөмү аз болгондуктан, ага маани бербейт.
Киреше алуу жолун бир мисалдан эле көрөлүчү. Алсак, өлкөдө 2 жарым миллион эмгекке жарактуу киши бар. Сиз алардын ар биринен, мисалы, 1000 сом өлчөмүндөгү киреше акы алдыңыз дейли. Демек, сиз ушул аркылуу эле 2 жарым миллиард киреше тапкан болосуз. А бирок сиз жарандардан гана эмес, тапкан кирешелеринен, үстөк нарк жана акциз салыктарын төлөй турган ар түрдүү ишканалар жана уюмдардан да салык алып жатпайсызбы. Мына, так ошол жолдор менен кирешелер бир кыйла өсөт. Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик казынасы келерки жылы мындай өсмөкчү: