«Жаны агым» газетасынын макаласына карата доомат кат

Урматтуу редакция!

2013-жылдын 6-сентябрь күнү чыккан “Жаны Агым” гезитинин 2 барагында “Токтоо болсоңчу, Токтакунов” деген макала жарыяланган. Макаланын башында “Бизге жеткен маалыматтарга караганда, учурда Нурбек Токтакунов деген укук коргоочу ШКУ саммити өтөөр күнү жол тосом деп эдиреңдеп жатат дешти” деп жазылган. Ушул сөздөр ырастоо түрдө жазылгандыктан, окуган адамдардын оюнда, чын эле аныкталган маалымат бар экен деген пикир пайда кылды. Ошондой эле макалада, менин жол тосуу ниетим бар болгонсуп, мен тарапка ачуу сын пикирлер айтылган. Макалада эч бир карама-каршы пикир келтирилген жок, бул маалымат боюнча “Жаны Агым” гезитинин журналисттери менин ниетимди тастыкташ үчүн мага кайрылган эмес.
Ушул макала менин ишкердик беделиме олуттуу өлчөмдө зыян келтирди. Менин адвокат жана “Прецедент” партнердук тобунун башчысы катары кыймыл-аракеттеримдин багыттары көбүнчө коомду агартуу, атап айтканда, мамлекеттик иш-аракеттерге укуктуу жолдор менен таасир кылууну жана “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзам чегинде чогулуштарды өткөрүүнү үйрөтүү. Жолду тосуу эч качан укуктуу ыкма болуп эсептелбейт, андай кыймыл аракеттер мыйзамсыз, башка жарандардын укуктарын толугу менен колдонууга тоскоолдук кылат, ал эми эл аралык саммит өтөөр күнү болсо, улуттук коопсуздукка чон зыян келтирилет. Ушул макаланын жарыяланышы менен менин көп коллегаларым жана партнерлорум мен жөнүндө “бул эки жүздүү киши экен, айткан сөзү бир, кылганы башка”, -деген терс ой-пикирлерде калышууда. Бул менин жапа чегүүмө себеп болуу менен, менин ишке жөндөмдүлүгүмө жана ийкемдүүлүгүмө зыян келтирип жатат.
Мен биздин өлкөдө дайыма сөз эркиндиги үчүн күрөшүү менен, көп жолу критикалык макала жазгандыгы үчүн, өкмөт жактан кысымдык көргөн журналисттерге юридикалык жардам берип келем, бирок текшерилбеген маалыматты жарыялоо сөз эркиндиги деп эсептелбейт, ошондуктан, сиздер менин кайрылуумду карап, “Жаны Агым” гезитинин эмки чыгарылышында, ошол эле барактын, ошол эле жеринде, “Токтоо, болсоңчу Токтакунов” деген макаланы жокко чыгарууну жарыялайт деп ишенем. Эгерде ушул менин өтүнүчүмдү аткарбасаныздар, мен, сотко кайрылганга аргасызмын.

Сиздерди урматтоо менен,
Нурбек Токтакунов

Добавить комментарий

вход