Мамлекеттик тил макамын алган соң…

Келерки жылы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өзү негизделген учурдан өткөн жыйырма жылдык мааракесин белгилейт. Ушул мезгил аралыгында мамлекеттик макамды алган кыргыз тилин илгерилетүү жаатында кандай жетишкендиктер болду? Ошону менен бирге кандай көйгөй-түйшүктөр бар? Ушул суроолорго жооп алыш үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо жана терминология бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановго кайрылдык

— Соңку мезгилде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында эң маанилүү кандай окуялар болду? Жакында көрүнүктүү ишмер, атактуу акын катары белгилүү соңку жетекчиңер дагы алмашты…

— Биздин мекеменин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, түзүлгөнүнө бир жылдан кийин, 2017-жылы туура жыйырма жыл толот. Ушул мезгилде мына ушул жерде иштеп келе жаткан тажрыйбалуу ардагер катары мен кеминде 10-11 төрага менен иштешип калдым. Акыркы төрагабыз, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматов мына жакында алмашып, Президенттин жаңы жарлыгы менен кызматынан бошоду. Анан жаңылык катары айта кетүүчү нерсе: бизде ушул кезге чейин китеп чыгаруу – керектүү окуулуктарды, сөздүктөрдү, башка колдонмолорду чыгаруу жагы абдан өксүп, абдан чоң дооматтарды угуп келе жатканбыз. Эгемберди Эрматов келиши менен ушул маселе толугу менен чечилди. Биз азыр чыгаруу зарыл деп табылган жанагы өңдүү эмгектердин бир тобун эки жылдан бери чыгарып жибердик. Буга каражат абдан кең каралды.   Мурда биздин тилчилерибиз, усулчуларыбыз өздөрүнүн эмгектерин кайра-кайра сунуштап: “Бул окуу жайлар үчүн керек эле, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө абдан чоң салым кошот эле”, — деп келсе, алар сунуштап, алып келген эмгектеринин көбүн чыгара алчу эмеспиз, ал жагынан чамабыз чарк болчу. Мына, эми ушул маселе биротоло чечилди. Бул жагдайды мурунку эл депутаты, кийинки эл акыны Эгемберди Эрматовдун аты менен байланыштырсак болот. Бул киши ушундай чоң маселенин аягына чейин чыгып кетти.

— Соңку мезгилде мамлекеттик тил жаатында кандай расмий чечимдер, документтер кабыл алынды?

— “Мамлекеттик тилди 2020-жылга чейин өнүктүрүү программасы” деген багыт бере турган документибиз бар, ошону менен иштеп жатабыз. Анда ар кандай тармактар, ар түрдүү сунуштар, ар түрдүү мекемелердин аткара турган милдеттери аныкталган. Ошолордун ичинен эң орчундуусу – “Кыргызтест”. Ал атайын иштелип чыгып, айрым мекемелерде, айрым мамлекеттик кызматчылардын арасында  сыноодон өтүп жаткан “Кыргызтест” деген атайын программа болуп саналат. Бул эң ириде мамлекеттик кызматчынын, андан кийин калгандарынын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап бере турган атайын программа. Андай деңгээлди адам эмес, аны атайын компьютерлешкен, электрондук каражаттары аркылуу ишке ашырыла турган программа аныктайт…

— Жетишендиктер менен бирге көйгөй-түйшүктөр да жок эместир?

— Бизде ушундай бир артта калган, деги бир көйгөйүбүз болуп жатат, “Мамлекеттик тил жөнүндө”  Мыйзамыбыздын 27-, 29-статьяларында товарлардын этикеткалары, номенклатуралары, ошолордун жазылышы жөнүндө айтылат. Ал коомчулук, эл тарабынан абдан талап кылынып жаткан иш да, анткени дүкөнгө барып, кандайдыр бир товар, буюм-тайым сатып алып жатсак, аны өзүбүздүн тилибизде окушубуз керек эле. А бизде ал азыр чет тилде же орус тилинде гана жазылып жатат дагы,  биз бул жагынан коңшу Казакстан, Өзбекстан сыяктуу абалга бара албай, абдан чайналып, кыйналып жатабыз. Ушунун жолун табуу биз үчүн оорго туруп жатат. Ал эми ошол мамлекеттерде табылган бирден-бир жол – ушул талаптын аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилген. Бизде болсо Административдик кодексте атайын бир жобо болбогондуктан, эч кимди мыйзамдагы жоопкерчилик аркылуу ошол жобону аткарууга милдеттендирип болбойт. Ошондуктан “Мамлекеттик тил жөнүндө”  Мыйзамыбыз бар болгону менен, анын айрым статьяларын аткаруу түйшүктүү болуп жатат…

Маектешкен Толкунбек Турдубаев

Уландысы бар

Добавить комментарий

вход