Мамлекеттик тил макамын алган соң (уландысы)

Маегибиздин биринчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо жана терминология бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов кыргыз тилинин абалы жана аны өнүктүрүү маселелерине токтолгон. Бул чөйрөдөгү көрүнүктүү ардагер ишмер, мамлекеттик макамды алган кыргыз тилин илгерилетүү жаатында кандай жетишкендиктер болгонун, ошону менен бирге орун алган көйгөй-түйшүктөр жөнүндө баяндап берген. Бүгүн ошол маектин уландысын жарыялайбыз

Аалыке, сиз жогоруда «Мамлекеттик тилди 2020-жылга чейин өнүктүрүү программасы» деген багыт бере турган документ бар экенин, ошону менен иштеп жатканыңыздарды жана анын эң орчундуусу – «Кыргызтест» деп айттыңыз эле…

— Ооба, мен жогоруда айтып өткөнүмдөй, «Кыргызтест» — бул атайын иштелип чыгып, азыркы учурда айрым мекемелерде, айрым мамлекеттик кызматчылардын арасында  сыноодон өтүп жаткан атайын программа. Бирок анын бир опурталдуу жагы – ушуну киргизүү улам ары жылып кетип жатат да. Мына, Улуттук комиссиянын укуктарынан чыгып, ага атайын көз салып, аны жүзөгө ашыра турган атайын комиссия түзүлгөн. Азыркы убакта Жогорку Кеңешке Төрага болуп отурган Чыныбай Турсунбеков деген киши ошол комиссиянын жетекчиси. Мунун укуктук, теориялык жагы болобу – баары иштелип бүткөн. Эми ушуну башташыбыз керек эле. Менин жеке баамымда, кечигип жаткандай болуп жатат…

— Аны турмушка ашырууга эмне жолтоо болууда?

— Менимче, даяр эмес адамдар көбүрөк болгонсуп жатат.  Анан биздин коом жалаң саясаттан көп чыга албай, тил маселеси дагы кыйла саясатташып калган дагы, «Жаңы жыл келсинчи», анан «Күн жылысынчы», анан «Кийинки чейректе баштабайлыбы?», — деп жылып олтуруп, мына, мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынганга 27-жыл кетип бара жатат. «Эртең, бүрсүгүнү», — деген баягы эле аягы-чеги жок шылтоо менен кетип баратат да. Мына, эми жанагы жакшы сунуш, жакшы программа элге кирбей калабы деп, мен жаман кооптонуп турам. «Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн  электрондук каражаттары, электрондук-лингвистикалык негиздери»  деген атайын өз алдынча бир сап менен тилди өнүктүрүү программасына кирген.

— Азыркы доорго шайкеш келген дагы кандай иш-чараларды турмушка ашырып жатасыздар?

— «Гугл-котормо» деген жаш демилгечилердин демилгесин биз былтыр колдоп, албетте, биздин көзөмөл менен, кийлигишүүбүз менен мына ушул да программабызга кирип калды. Муну көптөрү баалап, оң баасын берип жатат. Анан ушул эле жерде чоң өкүнүчтүү бир жагдай… Бизде Эмил Асанов деген инженер бар, ал ушул багытта, компьютердик программа боюнча көп жылдан бери иштеп жүрөт, көп программаларды иштеп чыкты, убагында «Тамга кит» дегенди карап чыгып, баарын ордуна койгон. Ошол акырында жанагы мына, мен сизге куруп берип жаткан маегимди ал дароо орус тилине которуп бере алат. Же болбосо, тескерисинче, ал киши: «Орусча текстти кыргыз тилине дароо которо турган электрондук программаны баштайт элем, бирок ушуга кичине каражат керек», — деп, биздин эшигибизди жыртып жүрөт, ошол кишиге жардам бере албай жатабыз. А бул программа бардыгына керек эле. Ал киши орфографияны жасап чыкты, «Юдахинди» (Юдахиндин сөздүгү – ред.эскерт.) узун-туурасынан аңтарып (күлөт), мына бул жакка (текчелерди көрсөтөт) коюп койду.

— Жакын келечекте мамлекеттик макамга ээ болгон кыргыз тилинин өнүгүүсүндө кандай жылыштарды күтсөк болот?  Деги эле кыргыз тилинин келечеги кандай болот деген ойдосуз? Мен сурап жатканымдын себеби, мына, күнүмкү турмушту эле мисалга алсак, айланадагы карапайым калк кыргызча сүйлөп жаткансыганы менен, аны нукура кыргыз тили деп атоого оозуң барбайт. Азык-түлүк дүкөнүнө кирген он кишинин жок дегенде жарымынан көбү «Кант, кум шекер барбы?» дегендин ордуна «Сахар барбы?» деп сурайт…

— Ооба, туура. Ошону менен бирге бул маселеге мамлекет, өкмөт башында турган кишилер да түздөн-түз таасир этет эмеспи. А бизде болсо, мен жогоруда айтканымдай, ошол жетекчи кишилердин өзү ушул жагдайга жетиштүү маани бербей жатпайбы. Мына, Президентибиз жарыялаган Тарых жана маданият жылына байланыштуу бизге, биздин мекемеге бир ырасмий кат келген. Болгондо да, Кыргыз эл жазуучусу, мурдагы маданият министри Султан Раевдин каты орусча келген. Эми ошол катты жазган кишинин фамилиясы Иванов, Петров же Сидоров болсо, анда мейли эле. Бирок улуу урматтуу Султан Раев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга өзүнүн катын орусча жолдогонуна мен абдан кыжаалат болуп турамын да. Ушундай иштер болуп жатат… Ошентсе да, эми келерки жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясынын 20 жылдыгын абдан үлгүлүү тособуз деген үмүттө бара жатабыз.

— Маегиңиз үчүн сизге чоң рахмат!

Маектешкен Толкунбек Турдубаев

Эскертүү: Маектин жүрүшүндө аты аталган Султан Раев мырзага да талкууланган маселе боюнча өз ой-пикирин билдирүү үчүн мүмкүнчүлүк берүү максатында атактуу жазуучу жана мурдагы маданият министрине байланышууга аракет кылдык. Бирок азырынча Султан мырза менен байланыша албадык.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход