Жаңы жыл жагымдуу өтүшү үчүн…

Бүгүнкү күндөн тартып Кыргызстан укук коргоо органдары күчөтүлгөн күжүрмөн тартипте кызмат өтөп баштады

Ички иштер министрлигинен билдиргендей, мындай тартип жаңы, 2017-жылдын 1-январына чейин сакталат.

Кечеги күндөн эле баштап, коомдук тартипти камсыз кыла турган өздүк курамды алардын кайгуул кызмат жайларына бөлүштүрүү жана аларга нускоо берүү салтанаттуу түрдө өткөрүлүүдө.

Өлкө боюнча коомдук тартипти сактоо жана коргоо иш-чараларына 9 миңден ашык милиция кызматкерлери, анын ичинде борбор шаарда эле 2600дөн ашуун кызматкер тартылды. Мындан тышкары, Жаңы жыл майрамы жагымдуу жана коопсуз кырдаалда өтүшү үчүн ыктыярдуу элдик кошундардын да миңдеген мүчөлөрү өз жарандык парзын аткарат.

Укук-тартип кызматкерлеринин күжүрмөн жыйынында ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков өздүк курамга кайрылып, тапшырма-талаптарды койду. Милиция жетекчилигинин өкүлү билдиргендей, Жаңы жыл майрамы күндөрүндө жарандардын өмүрүн жана ден соолугун кылмышкерлерден коргоо максатында, ашкана-тойканалар, оюн-зоок жайлардын жетекчилери жана жамааттары менен бирдикте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошол жайлардын коопсуздук кызматтары менен бирдикте алдын ала даярдык чаралары көрүлүүдө.

Добавить комментарий

вход