Мыйзамдардын сапатын жакшыртууну көздөп…

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттин тармактык комитеттеринин эксперттери мыйзамдардын сапатын жакшыртуу жаатындагы ишмердүүлүгүн күчөтөт

ЖК Басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу маселенин чоо-жайын баяндап, бүгүн, 2017-жылдын 4-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин жетекчилиги астында айрым талаш-тартышты жараткан мыйзамдарды алга жылдырууга, коомчулукка көйгөй жараткан айрым маселелерди чечүүгө багытталган жумушчу жыйын өткөрүлгөнүн тастыктады.

Аталган иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басарлары Сүйүнбек Касмамбетов менен Тажимамат Шаболотов жана Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин  эксперттери катышты.

Жыйында Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин  бөлүм башчысы Айбек Жүрүнов кен байлыктарын иштетүү боюнча жер тилкелерин трансформациялоого багытталган «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун абалы боюнча маалымат берди. Бул мыйзам долбоору боюнча тармактык комитеттердин жыйындары, парламенттик угуулар өткөрүлгөн. Натыйжада мыйзам долбоору боюнча кен байлык иштетүүгө жер тилкесин трансформациялоо убаракерчиликке алып келери негизделип, трансформациясыз эле берүү керек деген, дагы башкалары экологиялык жагдайдын негизинде жер трансформацияланып, иштетилген жер сөзсүз рекультивацияланышы керек деген кайчы пикирлер жаралган. Натыйжада долбоорду башка мыйзам долбоору кылып бөлүү жагын кароо сунушталган. Эми бул мыйзам долбоору Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетте кайрадан талкуудан өтмөкчү.

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев тоо-кен өнөр жайы республикалык бүжетти толтура турган олуттуу тармак болушу керектигин белгиледи.

Соңунда жыйын катышуучулары үстүбүздөгү апта соңунда аталган мыйзам долбоору боюнча орток пикир табуу жана сапаттуу мыйзам чыгаруу максатында КР Өкмөтүнүн, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен бирге талкуулоо чечимин кабыл алышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков тармактык комитеттин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушууда айрым мыйзам долбоорлору боюнча тармактык министрликтердеги тиешелүү эксперттер менен чогуу иш алып барып, мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, талаш-тартыштуу жагдайларды четтетүү тапшырмасын берген.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход