Сейил бактары ижарага берилет

Кыргызстандын сейил бактары «инвестициялык ижарага» берилмекчи. Аталган түшүнүктүн өзү өлкө мыйзамдарына алгачкы ирет киргизилип жаткан учурда тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кече, 9-январда каралды

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгаруу демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Алмасбек Акматов жана Сайдулла Нышанов көтөрүштү.

Демилгечилердин бири Мирлан Бакиров айткандай, сунуш кылынган мыйзам долбоору аркылуу эс алуу жана маданий парктарды иштетүүдө «инвестициялык ижара» түшүнүгү мыйзам актыларына алгачкы ирет киргизилип, эс алуу парктарда капиталдык курулуш жүргүзүү жана кошумча ижарага берилиши мүмкүн эместиги белгиленүүдө. Балдар ойноп, көңүл ача турган, спорттук жеңил курулмаларды куруу үчүн жеке же юридикалык жактарга мөөнөттүү пайдаланууга же 15 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык, конкурстук ижарага берүү мүмкүнчүлүгү сунуш кылынган. Документте сейил бактардын 70%ын жашыл бакдарак, 5%ын ички жолдор, калган 25%ын — жеңил конструкциядагы аттракциондор жана башкалар түзүшү керек деп каралган.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш жыйынында каралган учурда депутат Гүлшат Асылбаеванын сунушу боюнча тармактык комитетке 2-окуунун режимине кайтаруу чечими кабыл алынган. М.Бакиров өз кесиптешинин сунуштары мыйзам долбоорунун концепциясына төп келбестигин айтып, четке кагылгандыгын маалымдады.

Белгилүү бир убакытка созулган жарыш сөз жана талкуудан кийин айрым сунуш-пикирлер эске алынып, мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу жана Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда, документтин өзүндө азыр эле орун алып жаткан келишпестиктерге тийиштүү мындай бир тарыхый мисал аргасыздан ойго келет.

…Мындан көп жыл мурда биздин кошунабыз жана азыркы тыгыз өнөктөшүбүз Кытай Эл Республикасы өзүнүн мыйзамдары аркылуу элет жериндеги чарбаларда үй-бүлөлүк ижара киргизген да, ошол эле учурда бул жараянга түздөн-түз карама-каршы келген үй-бүлөнү пландоо (чектөө) мыйзамын кабыл алган.Ушул эки жагдай бири-бирине кайчылаш келгени — үй-бүлөнү пландоо (чектөө) мыйзамы балдардын санын катуу чектесе, үй-бүлөлүк ижара болсо жумушчу күчтүн көбүрөк болушун талап кылган.

Ушул сыяктуу эле, азыркы Кыргызстан Жогорку Кеңешинде каралган мыйзам долбооруна ылайык,  сейил бактарды инвесторлорго ижарага берүү жана ошол эле учурда кошумча ижарага берүүнү тыюу салуу – бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар. Анткени, парламенттик жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Жумабеков баса белгилегендей, кошумча ижарага тыюу салынса, ошол сейил бакта башка жарандардын чакан соода-сатык жүргүзүшүнө чек коюлуп калат. Мына дал ошондуктан парламент мүчөсү ушул мүчүлүштүктү жоюу максатында бул жагдайды карап көрүүнү тартуулады.

Мыйзам долбоорундагы баса белгилеп кетчү дагы бир жагдай – сейил бактын ижарага берилип жаткан 25% бөлүгүндө инвесторлорго «жеңилдетилген түрдөгү» оюн-зоок, спорт орнотмолорун куруу укугу берилүүдө. Бирок мындан чейрек кылым мурда ошондой эле тартипте «жеңилдетилген түрдөгү» заңкайган имараттар курулганы – баарыбыздын көз алдыбызда. Аларды да документте көрсөтүлгөн ошол эле 15 жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө иш кагаздарын толтуруп коюп, иш жүзүндө «түбөлүк» ижарага, же болбосо, «Ала карганы атынан чакырса», амалдагы жеке менчикке өтүп кеткенин көрүп турабыз.

Демек, мыйзам долбоору жол бербей жаткан кошумча ижараны иш жүзүндө «турмушка ашырып алуу»нун «жашырын сырлары» да, буга кызыкдар тараптар бул «баш катырманы» кантип чечери да – айдан ачык. Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлин айгинелеген эл аралык уюмдардын эсеп-чотторун өлкө өкмөтү өзү моюнга алып жаткан учурда, Жогорку Кеңеш өзүнүн башкы өнүмү  болгон мыйзам актыларын тыкан жана сапаттуурак, өзгөчө жемкордукка жол бербегидей кылып иштеп чыгарууга тийиш.

Кыргызстан үчүн сейил бактарын инвесторлорго ижарага берүү – бул түп-тамырынан жаңы жөрөлгө болгону менен, дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерде ал кадырэсе эле көрүнүш. Нью-Йорк шаарындагы Манхэттен аралында  жайгашкан, бирок атак-даңкы дүйнө бойлоп тарап кеткен Борбордук сейил бактын тагдыры жаркын мисал боло алат. Бул сейил багына жыл сайын 25 миллионго жакын киши келсе да, ажайып кооз жер катары таасир калтырган ушул жайдын абалы баары үчүн өрнөк. Бул эс алуу жана оюн-зоок жайын жекече коммерциялык эмес уюм болгон Борбордук сейил бактын Жаратылышты коргоо боюнча комитети Сейил бактарынын жана эс алуу жайларынын департаменти менен түзүлгөн келишимдин негизинде башкарып келет. Бул жерде бир нече табигый көрүнгөн көлмөлөр жайгашса да, иш жүзүндө алардын баары жасалма…

Кыргызстандагы сейил бактардын жалпы аянты 535 гектарды түзөт. Бирок алардын 10 пайызы гана ижарага берилген. Калганы болсо ижарага берилбей, өзүн-өзү актабай келет. Мунун кесепетинен сейил бактардын олуттуу бир бөлүгү жакшы каралбай же биротоло кароосуз калып кеткен. Мына дал ошондуктан, ушундай кейиштүү абалга кептелип калган сейил бактарды көрктөндүрүп жана жашылдандырып, иштетүү үчүн аларды ишкерлерге 15 жылдык мөөнөткө ижарага тапшырууга шарт түзүп берүү зарылдыгы келип чыккан.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход