Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамы жакынкы айларда жаңыланат. Ушуга байланыштуу, Байкоочу кеңештин курамына сунушталган талапкерлердин тийиштүү документтери 2017-жылдын 3-мартына чейин кабыл алынат
КТРК Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн бири, белгилүү тарыхчы жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин түшүндүрмө берип, аталган кеңештин курамынын олуттуу бөлүгүн Жогорку Кеңеш түзө турган соң, талапкерлер өз документтерин дал ушул мыйзам чыгаруу органына жиберерин айтты.
ЖК Басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына өзүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө кызыкдар жарандык коомдор 2017-жылдын 3-мартына чейин тиешелүү талапкерлердин документтерин парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жөнөтүшү керек.
Ал эми келип түшкөн сунуштар ушул 2017-жылдын 3-апрелине чейин тармактык комитетте каралып, парламенттин кароосуна сунушталат. Бул тууралуу маселе аталган тармактык комитеттин жыйынында каралып бүттү.
Коюлган талаптарда көрсөтүлгөндөй, “КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесине ылайык, кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билимдүү, массалык маалымат каражаттарында, бейөкмөт уюмдарында, чыгармачыл союздарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу кажет.
“КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” Мыйзамдын 12-13-беренелерине ылайык, КТРКнын Байкоочу кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлер тууралуу уюмдун сунуштамасы менен бирге чогулуштун протоколу тиркелиши керек.
Адатта КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда Жогорку Кеңеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Байкоочу кеңеш 5 жылга шайланып, 15 мүчөдөн турган коллегиалдуу орган болуп саналат. Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтүп, рейтиң добуш берүү ыкмасында алардын ичинен 5 талапкерди бекитет.
Төмөндөгү тизмеден көрүнүп тургандай, азыркы учурда КТРКнын Байкоочу кеңешинин амалда 14 мүчөсү бар. Мындай кырдаал алардын кээ бири тигил же бул кызматка которулуп-көтөрүлүп кеткендигине ж.б.у.с. жагдайларга байланыштуу.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин азыркы учурдагы курамы:
[SvenSoftSocialShareButtons]
Автор: Бекболот Касаболотов Иллюстрация: Кадыр Батырканов ОО «Партнерская группа «Прецедент» провела небольшое исследование по соблюдению государственными органами и органами местного самоуправления законодательства о доступе к информации […]
Автор: Бекболот Касаболотов Фото: Pixabay В предыдущем материале мы рассмотрели ответственность за нарушения в государственных закупках по новому кодексу о правонарушениях, теперь поговорим об уголовной ответственности […]