Кыргыз-өзбек экономикалык байланыштар өнүгөт

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Эркин соода аймагы жөнүндөгү келишимге ылайык, Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүү максатындагы макулдашуунун долбоорун үчүнчү окууда жактырды

Жогоруда аталган эки тараптык келишим 2011-жылдын 18-октябрында эле кабыл алынганы менен, эки өлкө ортосундагы мамилелер соңку айлардын гана аралыгында өзгөчө өнүгүп баштаган.

Өзбекстан эгемендикке жетишкендиктен кийинки биринчи президенти Ислам Каримов дүйнөдөн өткөн соң жаңы шайланган мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев бийликке келер замат, алгачкы чечимдеринин бири катары дээрлик отуз мамлекеттин жарандарына Өзбекстанга визасыз эле келүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койгон. Жаңы жетекчи өз өкмөтүнө ушул жылдын 1-январынан тартып 30 күндүк бирдиктүү туристтик визаларды жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берүү сунуштарын даярдоону тапшырган.

Бул жагдайга байланыштуу маалымат берген Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин Маалымат бөлүмүнүн кызматкери Максат Жуманбеков айткандай, Өзбекстан жетекчилиги жарыялаган бул жаңы тартип Өзбекстандын гана бир тараптуу демилгеси болуп саналат жана Кыргызстан жарандарына тийииштүүлүгү жок.

Ошентсе да, Өзбекстанда мамлекет жетекчилиги алмашкан соң, ырасмий Бишкек эки тараптык мамилелер сезилерлик даражада оң жагына өзгөргөнүн белгилеген. Мунун күбөлүгү катары, кыргыз ырасмийлеринин Өзбекстанга, ошондой эле өзбек ырасмийлери менен маданият ишмерлеринин жана коомчулук өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши жалпы жамаатка маалым.

ЖК Басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, жакынкы мезгилде Өзбекстан парламент өкүлдөрүнүн Кыргызстанга жана, тескерисинче, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Өзбекстанга баруу божомолдору жөнүндө кандайдыр бир маалымат азырынча жок.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, эки кошуна мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 2015-жылы 142 миллион АКШ долларын түзгөн. Ал эми 2016-жылдын он бир айынын жыйынтыгына ылайык, бул көрсөткүч 115 млн. АКШ долларын түзгөн.

Ушулардан сырткары, түздөн-түз инвестициялык байланыштардын көлөмү 2015-жылы жалпы-жонунан 74 млн.АКШ долларды түзгөн. «Андыктан аталган келишимди ишке ашыруу аркылуу эки өлкө ортосундагы экономикалык алакаларды арттыруу – бул учур талабы», — деп айтылат Экономика министрлигинин маалыматында.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход