Сот адилеттигинин жогорку мектеби окууга жарыш жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби (мындан ары – Сот адилеттигинин жогорку мектеби) 2017-жылга Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окуудан өткөрүүгө конкурс жарыялайт

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окуудан өтүү үчүн орундардын саны – 40. Угуучуларды окутуу өндүрүштөн сырткары катышып окуу формасында жүргүзүлөт жана 4 айды түзөт.

Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Сот адилеттигинин жогорку мектеби күн сайын 2017-жылдын 7-февралынан тартып 26-февралына чейин (жекшембиден сырткары) саат 09дан тартып 18ге чейин, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201, 1-кабат, 4-кабинет дареги боюнча жүргүзөт. Кошумча маалыматты (0312) 352988; 454736 жана (0558) 11-82-92 телефондору боюнча, ошондой эле www.jogorku.sot.kg сайтынан алсаңыздар болот.

2017-жылга Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окуудан өткөрүүгө конкурстун кирүү сынагы үч этапты өзүнө камтыйт:

  • компьютердик тестирлөө (сынак – “Прецедент”);
  • жазуу жүзүндөгү сынак;
  • баарлашуу (маектешүү – “Прецедент”).

Конкурска катышууну каалаган адамдар Сот адилеттигинин жогорку мектебине арыз берет, ошондой эле төмөнкү документтерди тапшырат:

  • паспорттун көчүрмөсүн (паспорттун түп нускасы документтерди тапшырганда жана кирүү сынагына каттоодо көрсөтүлөт);
  • тиркелген баракчалары менен жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
  • эмгек китепчесинин жана/же юридикалык адистик боюнча иш стажын тастыктаган башка документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
  • кирүү сынагына катышууга чейин үч айдын ичинде берилген ден соолугунун абалы тууралуу медициналык корутундуну (форма № 086);
  • иштеген жеринен мүнөздөмө же болбосо юридикалык адистиги боюнча кесиптик ишин баалоону, судьянын кызмат ордуна талапкердин ишкердик жана адептик сапаттарын чагылдырган пикир;
  • соттолбогону жөнүндө маалым кат;
  • наркологиялык диспансерден маалым кат;
  • психоневрологиялык диспансерден маалым кат;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • өмүр баян;
  • 3х4 өлчөмүндөгү фотосүрөт (2 даана);
  • талапкердин инсандыгын мүнөздөөчү пикирлер, сунуштамалар (бар болсо);
  • көктөмө.

Кирүү сынактарына төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар киргизилет:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар;
  • “Юриспруденция” адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же “Бакалавр” академиялык баскычы болгондо “Магистр” академиялык баскычын ыйгаруу менен “Юриспруденция” даярдык багыты боюнча жогорку билими бар;
  • 30 жашка толгон, жергиликтүү соттун судьясы кызмат ордуна талапкерлер, юридикалык кесиби боюнча иш стажы беш жылдан кем эмес болсо;
  • 40 жашка толгон, Жогорку соттун судьясы кызмат ордуна талапкерлер, юридикалык кесиби боюнча иш стажы он жылдан кем эмес болсо;
  • 40 жашка толгон, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызмат ордуна талапкерлер, юридикалык кесиби боюнча иш стажы он беш жылдан кем эмес болсо.

Кирүү сынактарына төмөнкүлөргө жол берилбейт:

  • соттолгондор, анын ичинен жоюлган, алып салынган;
  • кемтиги бар жүрүш-турушуна байланыштуу мурда судьянын кызмат ордунан бошотулгандар;
  • укук коргоо органынын кызматкери наамына шек келтиргенине байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандар же “Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык ишмердик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган негиздер боюнча адвокаттык ишмердик менен алектенүү укугуна лицензиядан ажырагандар;
  • чет мамлекеттин жарандыгы барлар;
  • наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандар;
  • кылмыш жасагандыгы боюнча шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реабилитациялык эмес негиздер боюнча кылмыштык куугунтуктоо токтотулса.

Кошумча маалымат: тестирлөөнүн суроолору жана жазуу жүзүндөгү сынактын темалары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун www.jogorku.sot.kg веб-порталында жайгаштырылган.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход