Эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстан сыйлык алды

Стамбул шаарында өткөрүлгөн Eastern Mediterranean Travel and Tourism (EMITT) аттуу эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн маданиятын чагылдырган керемет дизайн үчүн «Эң өзгөчө стенд» сыйлыгына ээ болду

Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттиги (USAID) бүгүн билдиргендей, 26-29-январда Кыргыз Республикасынын жети туроператорлору Түркияда өткөн бул ири туристтик форумга катышты.

USAID колдоосунда болуп өткөн бул ири эл аралык өнөктүктүн жүрүшүндө аталган Агенттик түркиялык “Gezimanya” аттуу туристтик жана медиа-компания менен бирге, Кыргызстанга чет өлкөлүк туроператорлордун, туристтик блогерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыгуусун арттыруу максатында, көргөзмөдө бир нече жарнактык иш-чараларды уюштурду. Натыйжада, кыргызстандык туроператорлор 2017-жылкы жайкы сезонго карата 42 ыктымалдуу келишимдердин  шарттарын талкуулашты.

Түркиянын эң ири туристтик көргөзмөсүнө 80 өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын стендине төрт күн ичинде 14 миңден көп адам келип, кадимки эле боз үйдү көрүп, даам татып, музыкадан рахат алып кетишти. Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн маданиятын чагылдырган керемет стендинин дизайны үчүн “Эң өзгөчө стенд” деген сыйлык алды.

Кыргызстандын көргөзмө стендинин меймандары боорсок жана кымыздан даам татышып, комуз күүлөрүн угуп жатышты. Андан тышкары, коноктор кыргыз улуттук кийимдерин кийип сүрөткө түшүп, Кыргызстанга эки кишиге акысыз барып келүү мүмкүнчүлүгүн викторина аркылуу утуш үчүн өз сүрөттөрүн Интернетке жүктөштү. Көргөзмөгө келгендер Кыргызстандын кооз тоолуу пейзаждарын чагылдырган 3D форматындагы видео-турларды көрүштү.

EMITT туристтик көргөзмөсүнө катышуу – Кыргыз Республикасы менен Түркиянын маданий жана тарыхый байланыштарынын негизинде түркиялыктарды тартуу боюнча USAIDдин иш-аракеттеринин бири. Соңку изилдөө түрк туристтердин Кыргызстанга болгон  кызыкчылыгы өскөнүн көрсөттү да, EMITT көргөзмөсүнүн “Эң оригиналдуу стенд” сыйлыгы Түркия жарандарына Кыргызстанды туристтик багыт катары кеңири тартуулоого жардам берет.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход