Сот адилеттигинин жогорку мектеби машыктыруучуларды окутат

Биз мурдарак Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби 2017-жылга карата Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окуудан өткөрүүгө конкурс жарыялагандыгы жөнүндө алдын ала  маалымат бергенбиз. Эми Сот адилеттигинин жогорку мектеби машыктыруучулар үчүн атайын трениң өткөрүүдө

Аталган машыктыруу ушул жылдын 9-10-февралында Бишкекте өтүп жатат. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында жана аны менен биргеликте «Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын  статусу» мыйзамы боюнча тренерлер үчүн машыгуу өткөрүүнү уюштурган. 

Иш-чаранын тренерлери – «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси, адвокат Улан Сатаров; жумушчу топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Азирет Медеров;  жумушчу топтун мүчөсү, Чүй облусунун Аламүдүн райондук соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаручуусу Светлана Николаева; ошондой эле «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоорунун кыска мөөнөттүк эксперттери — Потсдам райондук соттун башкаруучусу Бультер Рольф Вилли жана Потсдам райондук соттун сот ыйгарым укуктары бар кызматкери Генрих Крафт.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход