Салыкчылар: жарым түнгө чейин келе бериңиз

Өлкөнүн салык органдары өзгөчө режимде иштеп баштады: февралдын аягына чейин Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алынууда

МСК басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындай кезмет салык төлөөчүлөргө декларация тапшырууда толук жана ар тараптан  көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.

Тактап айтканда, декларациялар 28-февралга чейин, майрам жана дем алыш күндөрдү кошкондо, саат 09.00дөн  24.00гө чейин кабыл алынат.

Декларацияны иш убактында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин тапшыра алат.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиги жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган отчётту салык органдарына берүүсү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеме түзүү менен ишмердик жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердик жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Декларациялык өнөктүк тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 телефон номуру аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход