Кыргызстан – АКШ: гвардиялык катнаштар

Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын генералы Мэтью T. Куин Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүк программасы боюнча Бишкекке иш сапары алкагында келди

Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын кол башчысы жана Монтана штатынын адъютант-генералы, генерал-майор Мэтью T. Куин Монтананын Улуттук гвардиясы менен  Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ортосунда уланып жаткан алмашуу программасынын алкагында 2017-жылдын 8-11-мартында Бишкекте иш сапарлап жүрөт.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ошону менен бирге бул жылы Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын Кыргыз Республикасы менен мамлекеттик шериктештик программасынын жыйырма экинчи жылдыгы белгиленет.

Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын Кыргыз Республикасы менен мамлекеттик өнөктөштүк программасы 1995-жылы башталган. Алмашуу программасы 1996-жылы башталгандан бери, 850дөн ашуун кыргыз аскерлери Монтанага барып келишти. Бул шериктештик программанын натыйжасында аскерлер табигый кырсыктарга даярдык көрүү, тынчтык орнотуу жана медициналык мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө боюнча мыкты тажрыйбадан бөлүшүп, ошондой эле башка билим берүү программаларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Монтана штатынын аскерлери жана учкучтары кыргыз кесиптештери менен иштөө мүмкүнчүлүгүн жогору баалайт.

[SvenSoftSocialShareButtons]

 

Добавить комментарий

вход