«Абак реформасын» Мамрезиденция кабыл алат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы «Эл аралык абак реформасы» уюмунун колдоосунда «Соттолгондорду коомго кайрадан катыштыруунун жагымдуу жараяны катары аларды жаңыдан социалдаштыруу» аталышында I Эл аралык пенитенциардык форумун өткөрөт

Бул иш-чарага Беларусь, Казакстан, Корея Республикасы, Кыргызстан, Норвегия, Россия, Тажикстан, Улуу Британия жана башка мамлекеттердин жаза аткаруу мекемелеринин өкүлдөрү катышат.

Ачылыш аземинде катышуучуларга кайрылып, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Коргонуу кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит жана «Эл аралык абак реформасынын» башчысы Ханна Элисон сөз сүйлөшөт.

Иш-чара салтанаттуу түрдө башталгандан кийинки эле танаписте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров басма сөз жыйын өткөрөт.

Аталган чоң жыйында чогулгандар Борбор Азия өлкөлөрүнүн абак кызматтарынын ишмердигинин баяндамасын, чет мамлекеттердин тийиштүү мекемелеринин соттолгондорду жумушка тартуу жана өз өлкөсүндөгү абак калкын азайтуу жаатында кылган иш-аракеттерин, абактан боштондукка чыккандарды кайрадан коомго кошууга коомдун катышуусу маселелерин карап чыгышат.

Ошону менен бирге «Соттолгондорду жаңыдан социалдаштыруу жана аларды коомго кайрадан катыштыруу боюнча 2018-2023-жылдарга карата мамлекеттик программа»сын жүзөгө ашырууга тийиштүү кеп-кеңештерди иштеп чыгаруу болжолдонгон.

Курултай 28-мартта (шейшемби күнү) «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрүлөт. Каттоо жараяны 9.30 – 10 саат аралыгында жүргүзүлөт. Форум саат 10до ачылат.

Бул жыйынга катышууну каалагандар 23-марттын 16 саатына чейин төмөндөгү телефондорго чалып, алдын ала каттоодон өтсө болот: 43-85-70 же 0-777-601770 (байланыштагы ырасмий өкүл — Элеонора Сабатарова).

Мамлекеттик резиденцияга бара тургандарды ал жакка 28-мартта ЖАМК борбордук мекемесинен (С.Ибраимов көчөсү, 106) саат 8.20да жөнөп кете турган атайын унаа жеткирет.

Добавить комментарий

вход