Өз жубайын өзү гана тандасын…

Бүгүн, 28-апрелде, «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмеси Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда «Аялдардын өз эрки менен гана никелешүү укугунун ишке ашырылышы» чөлкөмдүк форумун өткөрүүдө

Уюштуруучулар белгилегендей, бул жыйындын максаты – аялдардын жубайды эркин тандоого жана эркин никелешүүгө болгон укуктарын ишке ашырууда Кыргыз Республикасында кыз ала качууга каршы мыйзамды орундатуу механизмдерин өркүндөтүү аркылуу мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү.

Аталган иш-чара 2015-2017-жылдарга карата Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын аткарууга көмөктөшүүнүн, ошондой эле БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетинин Кыргызстан жөнүндө төртүнчү баяндамасы боюнча (2015-жылдын 11-марты, CEDAW/C/KGZ/CO/4), атап айтканда, кыз ала качуу маселелери боюнча корутунду сын пикирлердин алкагында өткөрүлүүдө.

Форумга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, тийиштүү министрликтерден жана мекемелерден, КР Өкмөтүнүн бардык облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн, КР Акыйкатчысынын аппаратынан келген өкүлдөр, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттары катышууда.

Ушул чөлкөмдүк курултай алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 155-беренесинин ишке ашырылышына коомдук байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жарыяланат да, ошондой эле КР Ички иштер министрлигинин, КР Өкмөтүнүн бардык облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, КР Акыйкатчысынын өкүлдөрү кыз ала качуу тажрыйбасына бөгөт коюу маселелери боюнча өлкөнүн чөлкөмдөрүндөгү учурдагы кырдаалга сереп салуу менен чыгышат.

Форумдун натыйжасында КР КЖКнин 155-беренесинин колдонулушуна коомдук байкоо жүргүзүүнүн сунуштамаларынын алкагында Кыз ала качуу тажрыйбасына бөгөт коюу боюнча жергиликтүү деңгээлде иш-аракеттер планы иштеп чыгарылат. Даярдалган Иш-аракеттер планын андан ары карап чыгуу жана кийинки жылдарда Гендердик теңчиликке жетишүү боюна иш-аракеттердин улуттук планына киргизүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүү максатында ал тийиштүү министрликтерге берилет.

Биргелешип башкаруу программасы (ББП) Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик чөйрөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Чыгыш-Батыш башкаруу институту (EWMI) тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Добавить комментарий

вход